Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова "Чет өлкөлүк агенттер тууралуу" мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Мыйзам долбоорунда чет өлкөлөрдөн каржыланып, ошол эле убакта Кыргызстандын ички саясатына аралашып, коомду дестабилизациялоого аракеттенген уюмдарга "агент" макамын берүү көтөрүлгөн. Демилгечи бул кыргыз коомун тышкы терс таасирлерден сактап калууга өбөлгө болоорун айтууда.
Аталган мыйзам долбоору мындан 8 жыл мурун, 2014-жылы дагы демилгеленген. Бирок Жогорку Кеңеш эки окуудан кабыл алганы менен үчүнчү окуудан кайра артка кайтарган. Анткени, Кыргызстанда чет өлкөдөн каржыланган уюмдардын саны көп болгондуктан, алардын каршылыгы демилгечилердин аракетинен күчтүүлүк кылган. Ал убакта мыйзам долбооруна Надира Нарматова жана Турсунбай Бакир уулу демилгечи болгонун белгилей кетели.
Бүгүнкү күндө дагы мыйзам долбооруна каршылык көрсөткөндөр аз эмес. 8 жылдан бери бейөкмөт уюмдардын катары өстү, 2014-жылга карата маалыматтар боюнча Кыргызстанда 5 миңден ашуун бейөкмөт уюмдар катталган. Андан бери бул цифра өйдөнү көздөй жылганы шексиз. Каршы чыккандар аргумент катары мыйзам долбоору "сөз эркиндигине жана жарандык коомдук өнүгүүсүнө коркунуч жаратаарын" белгилешүүдө. Бирок долбоорду окуган адам анда башкы маселе сөз эркиндиги же жарандык коом эмес, кыргыз коомунун коопсуздугу экенин түшүнөт. Акыркы жылдардагы бир катар окуяларды эске салып көрөлү. Гейпарад, гендердик теңчиликке музейдеги жылаңачтануу "искусствосу" аркылуу умтулуу ж.б. Аны менен бирге ар бир ыңгайлуу учурду куру кетирбей өлкөнүн ички жана тышкы саясатына аралашууга аракеттенишет. Мамлекеттин кабыл алган чечимдерине каршы чыгышат, жөнсүз пикирлерин таңуулашып, коомчулук менен бийликтин ортосундагы тирешүүнү жаратууну каалашат. Анткени, бул алардын иши, чыр канчалык катуу болсо, каражат көбүрөөк келет.
Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, так ушундай ызы-чуу жаратып, Кыргызстандын коомчулугуна терс таасирлерди сиңирүүгө, кыргыз менталитетине каршы иш жасоого кызыкдар болгон бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгүнө чектөө киргизилет. Башкача айтканда, алардын ар бир кыймыл-аракети мамлекет тарабынан көзөмөлдөнөт. Мындай чектөө социалдык багыттагы бейөкмөт уюмдарга тиешеси жок.
Надира Нарматова эки чакырылыштын депутаты. Эл өкүлү катары ишмердүүлүгүндө бир катар демилгелерди көтөрүп, сунуштарды жолдогон. Алардын баары кыргыз коомунун менталитетине үндөш, кыргыз баалуулуктарын көтөргөн демилгелер. Бул сапар дагы ал мыйзам долбоору аркылуу өлкөгө тынчтыкты, саясий туруктуулукту жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууну көздөп жатат.