Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 19-декабарда саат 11:00дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. 

Анда айтылгандай, маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, актёр Азиз Мурадиллаев узакка созулган дарттан улам 17-декабрда көз жумган. Ал 2001-жылдан тартып Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драм театрында эмгектенген жана бир нече тасмаларда башкы роль жараткан.