Кино сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек
- Өмүрзак мырза, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыздарга ар кандай, анын ичинде курч сын пикирлер айтылды. Алардын маанилүүсү катары эпосту тасмага айлантуу кыргыз менен кытай, калмак элдерин касташтырбасын деген чоочулоо турду. Тарыхка кайрылып, элдердин илгерки кастыгын козгоп албайсыздарбы?!
- “Манас”, “Семетей” тарыхый материал эмес, тарыхка таянган адабий чыгарма. Тарыхый материалда окуя канчанчы кылымдын кайсы жылдарында орун алганы тастыкталат. Эпос блсо, адабий чыгарма, убакыт болжол менен мерчемделет. Экинчиден, эпос кытай, калмак улуттарын сөөк өчтү душмандаштырбай, тескерисинче, элдердин достугун даңазалаган учурлары арбын. Ар элде боло келген бийлик эгелеринин байлык коруган зыкымдыгынан Кытайдан куулуп келген Алмамбеттин кыргыз ханы Манас менен бир туугандык бекем, ыссык достугун мисалга тартсак болот. Анан да “Манаста” калмактардын ою түз, акыл парасаттуу катмарынын кыргыз элинин, хан Манастын катарында жүрүүсү баяндалат... Манас, Бакай, Кошой баш боло кыргыздар калмакты тууган санаганы көп эскерилет. Деги эле Манастын “Кулаалы таптап куш кылдым, курама топтоп журт кылдым” деген учкул кеби кылым кыйырын арытып даң салып келет. Кыргыз, кыпчак, казак, нойгут, сарт, ооган өкүлдөрү улут, уруу териштирбей бир каганды түптөшкөн...
Мындай миң жылдар мурдагы турмушту баяндаган абстрактуу адабий чыгарма эмес, жүз жыл да толо элек кашкайган тарыхый Улуу Ата-мекендик согушта Германиядан 30 миллион, СССРден 20 миллион адам курман болгонуна карабай немис менен орус, союз курамында чогуу согушкан биздин кыргыз эли касташпай эле, достук таттуу-таттуу кызматташтык мамиле күтүп келет. Деги эле өлкөлөр, улуттар ортосунда качанкы согуштан улам кийинки муундар кек куубайт, анткени, элдин ар заманга жараша кызыкчылыгы бар.
- “Манастын уулу Семетей” тасмасына атаандаш маданият кызматкерлери, бийлик оппозициясы, анан кыргыздашкан калмактар каршы чыкканын билдирдиңиздер эле.
- Биздин муун советтик идеологиянын таасиринде уруу эмес, улутка бөлүнбөй, интернационалист болуп өстүк. Азыр дүйнө аралап иштеп-жашап жүрүшкөн миллиондогон мекендештерибиз улутка бөлүнүшпөйт. Демократиянын атасы атанган Америка бир канча улуттардан куралган. Демек, атамзамандык улуттук кек куу – азыр жүрбөйт. Бирок эл арасында ар кандай көз караш кездешет. Ооба, кыргыздашкан калмактар арабызда арбын, алардын айрымдары андай нааразылыкты көтөрбөй койбойт. Антсе да ал олуттуу кооптонуу жаратпайт. Басымдуу көпчүлүгү кыргыз менен кыз алышып-беришип, кан аралашып кеткен, анан да заман жана адабий чыгарма талабын, турмуш реалдуулугун туура түшүнүшөт. “Манастын уулу Семетейде” баяндалгандай Семетейдин өмүрүн кооптондурган башкы кастары - ачык душман эсептелген кытай, калмактан мурда дүнүйө талашкан чоң атасы Жакып менен Манастын аталаш бир туугандары Көбөш, Абыке болот.
- “Манастын уулу Семетейди” бир катар өлкөлөргө, анын ичинде Кытайга да коюуну макулдашуулар жүрүп атканын билдирип келесиздер. “Манаста” кытайлар кыргыз элинин душманы катары берилет го.
- Эпосто Манас бабабыз калмак, кытай, манжу басып алган кыргыз жерин азат кылат. “Манас” чыгарма катары Кытайда кеңири даңазаланат. Манастын кырк чоросу менен зор эстелиги коюлган, андай залкар курулуш бизде жок алиге чейин. “Манас”, “Семетей” спектаклдери Кытай театрларында байма-бай коюлуп келатат. Бул алардын тарых, адабий чыгарма талаптарын жеткиликтүү түшүнгөнүн билдирет. Ал түгүл, “Манас” көп сериялуу көркөм тасмасын тартууну көтөрүп жүрүшөт.
- Кыргызстандан мурда “Манас” тасмасын башка өлкөлөр тартып жиберишпейби?
- Турциянын Маданият министрлиги 1993-жылы 50 мүнөттүк “Манас дастаны” анимациялык тасмасын тарттырган. “Манастын уулу Семетей” тасмабызды көрүшүп, бир катар эл аралык кино компаниялар “Манасты” биргелешип тартууну сунушташууда.
- “Манас” тасмасы ошондо эл аралык кино компаниялар менен биргеликте тартылабы?
- 2015-жылы эл аралык кино компания “Манас” көркөм фильминин сценарийин даярдоону сунуштаган. Анда эпос жана анын негизинде жазылган роман, драма варианттарын изилдеп, уламдан улам эл кылкылдап, катуу уруш-чабышы көп оор жумуштан качканбыз. “Манастын уулу Семетейде” анимациянын мүмкүнчүлүктөрүнө ынанып, эми сценарий даярдоого кириштик.
- Анимациялык тасма деген мультфильм да. Ошондо “Манас” мультфильми даярдалабы?
- Бизге тээ бир кездердеги куурчак мультфильмдер сиңген. Анимацияда дал эле адам, болгону конкреттүү киши эмес, сүрөттөн жасалган актёр аткарат. Анткени, Манас кыргыз үчүн ыйык, касиеттүү элестейт. Кайсы бир актёрго аткартсак “Улуу, ыйык Манас бабабыз ушул адамбы?!”деп жеришпесин үчүн анимация жөндүү туюлат. Анан да эпостогу Айкөл Манастын колдоочулары бөрү, жолборс, ажыдаар – сырлүү күчтөр анимация аркылуу гана чагылдырылат.
- Сиздер “Манастын уулу Семетейди” баштаганда “Манас” үчилтигине катылгандар сырлуу кырсыкка учураарлыгын кыйытышып, мисалга Жоомарт Бөкөнбаевди тартышкан эле. Буйруса, тасманы аман-эсен тартып бүтүп тартууладыңыздар.
- Эпос тасмага айланышына каршылар ошентип далбасташат. Мисалы, манасчы Бакчиев Мелис Убукеевдин публицистикалык тасмасында ушул ойду кыйытат. Таланттуу акын-драматург Жалил Садыков “Манастын уулу Семетей”, “Сейтек” анан “Айкөл Манас” драмаларын жазып, спектаклдер Кыргызстанда жана бир топ өлкөлөрдүн театрларында 40 жылдан бери ийгиликтүү коюлуп, видеолору чыгып, элге кеңири тарады. Садыков мамлекеттик бардык сый-ургаалдарга татып, 80 жашка жуук даңктуу өмүр сүрдү. Эпосту тасмага айлантуу азыркы заман талабы. Ага узангандар элдик ыйык чыгармабызды, айкөл бабаларыбызды даңазалап, тескерисинче, улуу күчтөрдүн колдоосуна арзыр жумуш жасаганы эмеспи. “Манастын уулу Семетей” элибиз, Жараткан колдоп, шыр, шар тартылып, эми буйруса, аалам аралоо алдында турат.