Печать
Категория: Коом
Просмотров: 150

Кыргыз Республикасынын УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы жана КР ИИМ Жалал-Абад облусу боюнча ички иликтөө бөлүмүнүн ички иликтөө кызматы менен бирдикте, 2022-жылдын 15-декабрында 50 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери Э.Ш.К. кармалды. 

Такталгандай, Э.Ш.К аттуу Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБнин Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн кызматкери, Кочкор-Ата шаарынын тургунун кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, маселени оң жагына чечип берүү үчүн 50 миң сом акча каражатын талап кылган. 

Бул факты боюнча УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 1-бөлүмүндө (опузалап пара талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 

Кармалган адам КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш чаралар уланууда.