Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев Жайыл районуна болгон иш сапарында Новониколаевдик инновациялык орто мектепке барды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Билим берүү мекемеси эки корпустан турат, бири 1960-жылы курулган, экинчиси 1983-жылы. 975 окуучуга ылайыкталган мектепте бүгүнкү күндө 2500ден ашуун окуучу билим алат. Ошондуктан, кошумча окуу корпусу зарыл. Ага ылайык, 600 орундуу имаратты куруу пландалып жатат.
Мугалимдер менен баарлашып жатып Нурланбек Шакиев акыркы жылдары билим берүү жаатына өзгөчө көңүл бурулуп, айрыкча мектептерди куруу иштери активдүү жүрүп жатканын белгиледи. Аны менен катар мугалимдердин айлык акысы көтөрүлсө деле ал акча жетиштүү эместигин айтып, бул маселени жакын арада көтөрүп чыгышаарын убадалады.
"Биз жаштар биздин келечегибиз экенине ишенебиз. Ошондуктан, мамлекет аларды татыктуу билим менен камсыз кылууга, мугалимдерди колдоого бардык зарыл шарттарды түзүшү керек", - деди Шакиев.