Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровду иштен кетирүү сунушун ЖК депутаты Элмурза Сатыбалдиев жолдоду. Парламент жыйынында депутат ишмердүүлүгү күмөн ойлорду жараткан "Нур-строй" компаниясы менен мэрдин байланышы бардыгын айтты. 

"Сиз кадрларыңыздын профессионалдуулугун текшерем дегенсиз, а өзүңүздүн профессионалдуулугуңузду ким текшерет? Президент сизге ишенээрин билебиз, бул жөнүндө тар да, кеңири да чөйрөдө айтылып жүрөт", - деген Сатыбалдиев мэрге шаарды начар абалга алып келип койгонун моюнуна алып, өз каалоосу менен иштен кете берүүнү сунуштады. 

А мэр депутатка шаарды өнүктүрүу боюнча өзүнүн программасын аягына жеткирмейинче кетпей турганын айтты. Ал мэр бир нече ай иштеп кете берсе эч нерсе чечилбей турганын, үч-беш жыл жылбай иштеши керектигин белгиледи. 

"Сиздин пенсияга чыга турган убагыңыз келди. Ошондо сиз 63 эмес, 68 жашыңызда кетесизби? Президенттен мени бошотуп коюңуз деп айтууга эркиңиз жетеби?", - деди Сатыбалдиев. 

Эмилбек Абдыкадыров депутаттын үйүнүн тосмосу түртүлгөндөн кийин ушундай таарыныч кармап калганын билдирди.