Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев депутат Дастан Бекешевди парламент жыйынындагы сөзү үчүн сотко берээрин маалымат каражаттарына билдирген. 

"Дастан Бекешев ар кандай жолдор менен мэрияга, анын катарында мага зыян келтирүүгө аракеттенип жатат. Жайында ал шаардын аймактарына достору үчүн ар кандай объектилерди орнотуу өтүнүчү менен кайрылган. Бирок ал мыйзамсыз болгондуктан, биз макул болгон эмеспиз. Ошондон кийин ушундай саясатты жүргүзүп, көпчүлүктүн алдында туура эмес сөздөрдү айта баштады. Жогорку трибунадан айтылган сөз депутаттын тарбиясын билдирет", - дейт Орунтаев. 

Эске салсак, Бекешев Бишкектеги гараждык кооперативдердин мүчөлөрүнүн митингин айтып жатып, Нурдан Орунтаевди "өзүн мырк катары көрсөттү" деген.