Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда футзал боюнча “Мурас” достук турнири башталды. Иш-чарада мамлекеттик органдардын, парламенттин, сот, укук коргоо органдарынын, элчиликтердин, массалык маалымат каражаттарынын, бизнестин, маданияттын, спорттун, дин кызматкерлеринин жана башка тармактардын өкүлдөрү кирген 16 команда ат салышууда.

Бүгүн тайпалык оюндар өтүүдө, эртең чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер орун алат.

"Кабар" агенттиги оюндардын ортосундагы тыныгуудан пайдаланып, президент Садыр Жапаровдон айрым суроолорго жооп алууга үлгүрдү.

— Урматтуу Садыр Нургожоевич саламатсызбы?

— Саламатчылык.

— Сиз демилге кылып баштаган футзал боюнча “Мурас” турнири үчүнчү жолу ийгиликтүү өтүүдө. Турнир кандайча уюштурулуп калды эле, тарыхы жана маанисин айтып бересеңиз.

— Былтыр биз кыргыз футболунун 100 жылдыгын белгилегенбиз. Ошого карата футзал боюнча турнир өткөрөлү деген ой менен турнир уюштуруп өткөрдүк эле.

Ошол күнү спортчулар, футболчулар “ушул турнирди үзбөй, мындан ары салтка айлантып, улап кетпейлиби” деген сунуш берип, суранып калышты. Кыргыз спортунун күйөрмандарынын сунушуна макул болуп, жыл соңунда бир жолу өткөрүп туралы десем, жылына эки ирет өткөрүүнү суранышкандар болушту. Ошентип, ага да макул деп, жайында, анан кышында кылып, жылына эки жолу өткөрүп туралы деп чечкенбиз. Спорттун эч кимге: карысынабы же жашынабы, пайдасынан башка зыяны жок да. Мына ошентип кыргыз футболун улай ушул “Мурас” деп аталган турнир жаралып калды. Эмне үчүн атын Мурас деп койдум?

Быйыл жазда келечек муунга жашыл бак-дарактарыбызды мурас кылып калтырыш үчүн “Жашыл мурас” деп атап, жылда жаз-күздө 6 миллиондон кем эмес жаңы көчөттөрдү олтургузуп туралы деп иш баштагам, аны жакшы билесиздер. Мына ушул иш-чарага окшош, максатташ болсун деп бул турнирдин атын дагы Мурас деп койдук. Келечек муун кыргыз футболун мурас кылып улап кетсин деп жакшыга жоруп, тилек кылдык.

Ал эми максатын айта турган болсом, азыр өзүңүздөр көрүп-билип тургандай, жаштарыбыз спортко маани бербей, интернетке өтүп кетишти. Эртеден кечке компьютер ойношот. Кыймыл жоктугунан улам, көпчүлүк жаштардын ден соолуктары начарлап кетти. Аз кандуулук оорусу менен ооругандар көбөйдү. Ошондуктан, жаш-кары дебей, элдин баарын спортко үндөө үчүн пропаганда кылып, кеңири жайылталы деген максатыбыз болду.

“Дени сак улут - дени сак өлкө” деп келебиз. 70-80ге чыккан ата-энелерибиз эртели-кеч парк аралап басып, анча-мынча көнүгүүлөрдү жасап дене-боюн жазып жүрүшсө кана? Кана эми, жаштарыбыз спорт залдарга батпай кезек күтүп турушканы?

— Турнирди колдогондор менен катар сындагандар да болууда. Негизинен, иш күнү өтүп жатканына көңүл бурушууда...

— Иш күнү өтүп жатат деп андан трагедия жасаштын кереги жок. Ушундай биримдикти, ынтмакты бекемдеген иш-чаралар маалында облустардан келген өкүлдөр министрлер менен жолугуп, чече албай жүргөн маселелерин жакшы маанайда чечип жатышат. Мен өзүм да кабыл алып, облустардагы маселелерден кабар алып, ошол замат министрлерге тапшырмаларды берип жатам. Оюн менен эс алуунун шартында негизги маселелерди көңүл сыртында калтырган жерибиз жок. Мындан сырткары, бул турнирдин дагы бир максаты – “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, биздин спорт менен машыгып чуркап жүргөнүбүздү көрүп келечек муун үлгү алат. Спортко тартылат. Мындай биримдикке чакырган, сергек жашоо образына үндөгөн иш-чараларды өткөрүү – биздин иш-милдеттерибиздин бири, керек болсо, эң маанилүүсү десем да болот.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич, биздин суроолорубузга жооп бергениңиз үчүн. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

 

Маектешкен Медербек Шерметалиев, Булак: Кабар