Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1009

Кыргызда «кыз боозуп алып энесин коркутат» деген сөз бар. Учурда өлкө ичине дестабилдүүлүк, эл ичине бүлүк салууну көздөшкөндөрү үчүн абакта отурушкан Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Орозайым Нарматова деген  активист, укук коргоочу айымдар бийликти коркутканга өтүштү. «Ачкачылык жарыялайбыз, бирөө жарымыбыз бир нерсе болсок, бийлик жоопкерчиликте болот» деп кайрылуу жолдошуп, догурунуп атышат. 

Ачкачылык жарыялоо - демократиялык коомдогу нааразылыкты, макул эместикти билдирүүнүн, үнүн элге жеткирүүнүн бир формасы. Кыргызстан демократиялык баалуулуктар өкүм сүргөн өлкө болгон соң ар бир жарандын ачкачылык жарыялаганга укугу бар. Бирок ачкачылык жарыялоо менен бийликти коркутуу – бул наадандык, бет  тырмарлык. Кудайга шүгүр, Кыргызстанда адам укуктарына маани берилет, кармалып жаткандардын, абактагылардын ден соолугуна зарыл учурда кам көрүлүп, жардамдар берилет. Ошондуктан ачкачылык жарыялаган айымдардын ден соолугу начарлап баратса, убагында медициналык жардамдар көрүлөт. Андан эч камтама болбойлу. 

Бул айымдардын Кайрылууларын окуп отурсаң, таптакыр эле жайдак жерден, эч бир күнөөлөрү жок эле кылмыш иштерин козгоп, камап салгандай ой келиши мүмкүн. Бирок чындык башка экенин булардын тарапташтары, жактоочулары билгилери келбесе да, көпчүлүк билет. Мамлекеттеги конституциялык түзүлүштү күч менен кулатууну, төңкөрүш жасоону максат кылган жоболоңдуу комитетте болушканы чындык. Арам ойлорун, кутум максаттарын ишке ашыруу үчүн бул айымдар социалдык тармактарда эмне деген гана маалыматтарды таркатышып, бузукулук аракеттерди кылышкан жок. Жалган маалыматтарды таркатышып, маалыматтарды бурмалашып, деструктивдүү, чагымчылдык маанайдагы  иш-аракеттерди жүргүзүшкөндүгү да чындык. Ал эми Клара Сооронкулова айым буга чейин социалдык тармактарда конституциялык түзүлүштү кулатууга, бийликти төңкөрүш жолу менен алууга ачык чакырып жасап, өзүнүн коомдун коркунучтуу мүчөсүнө айланганын көрсөткөн. Болбосо, мыйзамдын мурдагы   өкүлү,  Конституциялык соттун мүчөсү катары Клара айым мыйзамдуулукту гана жакташы керек эле. Анан эле сүттөн аппак болушуп, дегеле күнөөлөрү жоктой Кайрылуу жолдошкондору күйдүрөт. 

Мыйзам алдында эркекпи, аялбы, баары бирдей. Күнөөлөрү далилденсе, мыйзам чегинде тийешелүү жазаларын алышат, күнөөлөрү жок болсо, соттун чечими менен эркиндикке чыгышат. Ачкачылык жарыялоо аларды жоопкерчиликтен бошотууга, абактардан чыгарууга, же мыйзамдан аттап өтүүгө себеп  боло албайт.