100дөн ашуун адам - Кыргызстандын интеллигенция өкүлдөрү, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, илимпоздор, активисттер жана журналисттер "Азаттык Медианын" тегерегиндеги кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдиришти. Эң кызыгы, бул тууралуу бөгөттөлгөн "Азаттык" өзү жарыялады. Ал бөгөттөлүп калса кантип жарыялайт? Жообу жөнөкөй: интернеттен туш келген же "Азаттыкка" байланган баракчага кирсеңиз, бөгөттөөнү кантип кыйгап өтүү тууралуу кеңеш камтылган терезени көрөсүз.
Мыйзамсызбы? Мыйзамсыз. Ушундан кийин да, өзү мыйзамсыз ыкмалар менен иштеп жаткан ЖМК мыйзамдардын жана адам укуктарынын бузулуп жатканын айтып кыйкырууда.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты "Азаттык" радиосунун сайтын эки айга бөгөттөгөн. Анын себептери бар: сентябрь айынын орто ченинде "Азаттыктын" алдындагы "Настоящее время" ресурсу "Кыргызстан жана Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш" аталыштагы видеосюжет жарыялаган. Мына ушундан баары башталды, кезектеги конфронтацияга ким күнөөлүү, ким күнөөсүз деген суроого тележурналисттердин жообу бир топ башкача болду.
Эфирдик убакыттын бир нече мүнөтү Кыргызстандын аскерлери тажик аймагына жулунуп киргенин, а тажиктерге коргонуп, ок атуудан башка жол жок калганын айтууга корогон.
Бул баяндан кийин ага каршы көз караш берилген. Бирок ал эмнегедир ынанымдуу угулбады. Тажик журналистинин сөзүндөгүдөй эмоция мында жок. "Кыргыз тараптын расмий маалыматы боюнча..." - ушуну менен бүттү.
Азаттыкчылар болгону журналистиканын негизги талаптарын аткарып койдук деп канчалык актанышпасын, кырдаалды ар тараптан чагылдыруу үчүн ар түрдүү көз караш менен позиция колдонулган видеоматериал көргөн адамга жагымсыз сезим калтырды. Анткени, ар башка позиция тең салмактуу берилген эмес. Ошондуктан, "Азаттыкты" чет өлкөлүк агент катары кабыл алууну жана ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылган адамдардын нааразычылыгы түшүнүктүү.
"Азаттыктын" бөгөттөлүшүнүн расмий себеби, Маданият министрлигинин маалыматына караганда, "Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгына каршы келүүчү такталбаган материалдын өлкөнүн маалымат мейкиндигине таралышына реакция кылуу".
Дагы бир кызык нерсе, команда дароо эле бөгөттөлгөн жок. Алгач "Азаттыктын" дарегине мыйзамды сактоо боюнча эскертүү жөнөтүлгөн. Кайрылууда "Азаттык" такталбаган маалыматтардан коргоо тууралуу мыйзамды бузганы айтылган. А аталган маалымат каражаты кайрылуу четке каккан.
Бир ай күткөндөн кийин Маданият министрлиги "Азаттыкка" кийинки кайрылууну жөнөттү, бул сапар ызы-чуу жараткан видеоматериалды өчүрүүнү талап кылган. Бул кайрылууга "сюжетти өчүрүү боюнча иш аракеттер жасалып жатат..." деген гана жооп келген.
А чындыгында, ал сюжет ушул убакка чейин өчүрүлө элек. Каалаган адам интернеттен оңой эле таап алат. Баары ошол бойдон, калп маалымат өзгөртүлгөн эмес. Дагы деле кыргыз аскерлери Тажикстанга кол салды деп турат.
Ошондо, президент Садыр Жапаровго, спикер Нурланбек Шакиевге, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге жолдонгон сөз эркиндигин калыбына келтирүүну суранган кайрылууга кол койгондор билбестиктенби же өз ыктыяры мененби, айтор, ачыктан ачык дезинформациялоону жана мекенинин беделин түшүрүүнү колдоп жатышат.
Ал эми провокациялык ЖМКны чет өлкөлүк агент деп атап, жабууну талап кылган кыргыз коомчулугу Россиянын "Дождь" оппозициялык каналын жапкан тажрыйбасына таянышууда. Мындагы жагдайлардын окшоштугу таң калтырат.
Россияда "Дождь" 1-мартта ишмердүүлүгүн токтоткон. Роскомнадзор аны орус аскерлеринин Украинадагы аракеттери тууралуу жалган маалыматтарды таратууга айыптаган Башкы прокуратуранын талабы менен жапкан. Жакында эле аталган каналды Прибалтикада алдын ала бир нече жолу эскертүү берип, айыппул салгандан кийин жабышты.
Себеби эмнеде? Эки отургучта бир убакта отурууга жасаган аракети ийгиликсиз болуп калган "Азаттык" сыяктуу эле. Россияда "Дождь" өзүн Украинадагы атайын операцияны колдобогон оппозициялык каналдай көрсөтүп, эфирге орус аскерлери тууралуу атайылап жалган маалыматтарды жана коомдук тартипти бузууга үндөгөн чакырыктарды чыгарып келген.
Андан кийин Литвада, Латвияда жана Эстонияда "Дождь" күтүлбөгөн жерден орус аскерлерине "фронтто техника жана негизги шарттар менен" жардам берүүнү колго алып, орус куралдуу күчтөрүн "биздин армия" деп атап, өздөрүнүн саясатына туура келбеген таң калыштуу билдирүүлөрдү жасап таң калтырды. Ошондой эле, Крым Россия Федерациясынын бир бөлүгү катары белгиленген картаны көрсөтүүдө.
Демек, "Дождь" "бизди туура эмес түшүнүп алдыңар, биз такыр башка нерсени айткыбыз келген" деген сыяктуу актануусун жана кечирим суроосун баштады... Корпоративдин ичинде териштирүү, ыйлагандар да болсо керек, бирок бул бөгөттөөгө таасирин тийгизген жок.
Мораль мындай: эгер сен ЖМК өкүлү болсоң (мамлекеттикпи же көз карандысызбы, айырмасы жок), сүйлөгөн сөзүң үчүн жооп бер. Анан сөзсүз түрдө кайсы мамлекеттин кызыкчылыгы сага жакын экенин аныктап ал. Анткени, эки кожоюндун кулу болуу мүмкүн эместей эле, журналист толугу менен көп тараптуу болгонго болбойт. Кайсы бир жерден сөзсүз жаңылып каласың.
Булак: vb.kg