Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев бир нече күн бою жумушка келбегенинин себебин соцтармактагы баракчасына жазды.
"Урматтуу мекендештер!
Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм.
Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин Төрагасына расмий кат менен кайрылгам.
Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем!" - деп жазды депутат.
Эске салсак, айрым депутаттар Жамгырчиевдин дайынсыз кетишин Кемпир-Абад келишимине каршы добуш бергенине байланыштырып, чуу чыгарышкан болчу.