КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, КР Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап пара талап кылуу) боюнча «Д.С.М.» аттуу активдүү интернет-блогер кармалды.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, кармалган блогер «Д.С.М.» социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган. 

12-декабрда  «Д.С.М.» 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган. 

Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.