- Кыргызстан сатып алган акыркы үлгүдөгү Airbus H145 тик учагын арендага алып пайдаланса да болору айтыла баштады. Бийликтин тик учакты арендага берип, бюджетке салым кошобуз деген аракетин колдосок болобу?
- Негизи акыркы убакта жакшы жаңылыктар көп болууда, кудай ошонубузду кут кылсын. Тик учакты арендага берүү боюнча менин жеке пикиримде арендага берүү туура. Бүт өнүккөн өлкөлөрдө ушундай практика колдонулат. Бул машина эмес, бул учак. Машинадан айырмасы учактардын тетиктери, майы убакты сааты келгенде учабы, учпайбы жөн эле токтоп турабы баары бир алмаштырылат. Ошондуктан кимде ким арендага убактылуу колдоном десе, учактарды арендага берип мамлекетке каражат түшүрүп туруу эң туура деп эсептейм. Бир учакты тейлөө, кароо, учкучтардын айлык маянасы болуп көп акча керектелет. Ошолорду жабуу максатында керек болсо арендасын арзандатып бериш керек. Акчалуу байлар колдонсун. Байларга да, мамлекетке да пайда болот. Жаңы заманды пайдаланып калалы. Өнүккөн өлкөлөрдү карап өсөлү. Окуйлу, өнүгөлү. Мисалы, Ошко же Баткенге кудалыкка бара турган болсоң 6 же 7 киши Кыйналбай тез барып келсең кандай сонун. 2 машинеге деле эки шоопурга деле бир далай акча кетет. Жол кандай болуп калат? Ошондуктан, жаңыча жашаганды үйрөнөлү. Учкучтар менен дагы кеңешип көрүңүздөр, алар деле мен айтканды айтса керек.