- Мурат агай, Кыргызстан сатып алган акыркы үлгүдөгү Airbus H145 тик учагын арендага алып пайдаланса да болору айтылууда. Бийликтин тик учакты арендагы берип, бюджетке салым кошобуз деген аракетин колдосок болобу?
- Туура, бул маселени толук колдойм. Ал үчүн биринчиден, өтө профессионал, биздин тоолу аймакта уча алган тажырыйбалуу учкуч керек. Экинчиден, тариф жогору болуш керек. Байдын ашын байкуш аяйт болбой кымбатка арендага берген туура. Далай чириген байлар бар, ошолор уча берсин. Ошондой кылсак тик учактын баасын дагы чыгарып пайда көрүп, дагы учактарды сатып алыш керек. Негизи дүйнөдө тик учактын баасы өтө кымбат. Ошого чыдаган байлар уча беришсин. Эс алуу аларга, акча мамлекетке!