Печать
Категория: Коом
Просмотров: 352

- Жаңы сатылып алынган Airbus H145 тик учагын акчалуулар арендага алып пайдаланса болот экен. Тик учакты арендага берип, баасын актап алабыз деген саясат туурабы?

- Кыргызстан ушуга окшош техникалык сатып алууларга муктаж болчу. Колубуздагы тик учактардын иштөө мөөнөттөрү өтүп иштебей калган экен. Тик учактын жоктугунан улам көптөгөн көйгөйлөр жаралып келген. 

Эми сатып алынгандан кийин бул учактар жөн эле турбастан иштетилиши керек. Бир гана мамлекет эмес, ошол эле учурда коммерциялык негизде каалаган жарандарга берүү аркылуу кеткен чыгымды кайрадан чогултуп алуу идеясы абдан жакшы.
Эң башкысы учак коомдун калың катмарына кызмат кылып, бир гана байлардын маселесин эмес, карапайым калктын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталышы керек, анткени эң башкы багыт ушул.

Мындан тышкары бийлик өкүлдөрүнүн эффективдүү жана ыкчам иштөөсүнө жакшы шарт түзүп берет. Каалаган жерине тезирээк барып, чыккан көйгөйлөрдү батыраак чечет. Эгерде ушул багыттар менен иш алып барышса, анда тик учакты колдонууда бийлик өз максатына жетти десе болот.