Бишкекте 14-15-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы салтка айланган “Мурас” достук турнири өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.
Маалыматка караганда, “Газпром балдарга” спорт комплексинде (“Арча-Бешик”) жана Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүүчү спорттук иш чарага 16 команда катышат.
Турнирдин максаты – сергек жашоо образын жайылтуу, өлкөдө футзалды популяризациялоо жана коомдун түрдүү катмарынын өкүлдөрүнүн ортосунда достук жана расмий эмес мамилелерди өнүктүрүү.
Оюндар КТРК спорт (А, В топтору) жана ЭЛТР (С, D топтору) телеканалдарынан түз алып көрсөтүлөт.
Иш чара Кыргыз футболдук союзунун жана КР президентинин администрациясынын демилгеси менен уюштурулган.