Бишкек шаарындагы балдар ооруканасына кайрылган жарандардын саны көп болууда. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирген. Ал кабыл алуу бөлүмүндө кезек күткөндөр көп, дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышканын белгиледи.

«Күн сайын орун бошойт, бирок кайра эле жаңы бейтаптарды жаткырып жатабыз. Кошумча 3 бөлүм ачканбыз. Андан тышкары Жал кичи районундагы балдар ооруканасында, Чүй облустук ооруканасында кошумча орундар даярдалган.

Бул жылы курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо менен ооруган балдардын дене табы жогору болуп жатат. Өткөн жылдары дененин температурасы 2-3 күн гана жогору болуп келсе, учурда жогорку температура 1 жумага чейин түшпөй жатат. Биздин оорукана 400 орунга ылайыкталган, азыр дээрлик бош орун жок. Дарыгерлер өздөрү ооруп жатышат», - деди Маманов.

Ал жарандарга коомдук жайларга барбоону сунуштады.

«Мектептер убактылуу карантинге жабылса жакшы болмок. Бейтаптардын саны азаймак», - дейт Маманов.

Ал эми Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Алиев дарыгерлерге күч келип жатканын белгиледи.

«Стационарда 605 бейтап бар. Алардын ичинен 430у — КРВИ жана сасык тумоо жуктаргандар. Бейтаптардын көбү — балдар.

Дене табы +41 градуска чейин көтөрүлүп жатат. Балдардын көбүн калтырак басууда.

Жандандыруу бөлүмүндө 11 бейтап бар, алардын тогузу — балдар», - деди Алиев. Ал өз алдынча дарыланбоого, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылууга, балдарды адамдар көп чогулган жерге алып барбоого чакырды. Ошондой эле бет кап тагынып, колду самын менен жууп, бөлмөнү үйдү желдетип, таза кармоого үндөдү.