Чындап эл, өлкө үчүн иштеген жетекчи менен иштебеген жетекчи дароо  эле билинет. Айрым жетекчилер айлап, жылдап иш бөлмөлөрүнөн чыкпай иштешет. Өлкөнүн аймактарын кыдырып, көйгөйлөр менен жеринен тааныша беришпейт. А бирок өлкөдөн сырткары иш сапарлар болсо бардык иштерин таштап коюп барганга ашыгышат. 

Эл, жер кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп, өзү жетектеген кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн иштери менен жакындан таанышып, чечилбей жаткан маселелерин билип, абалды байкап, ошого жараша чечимдерди кабыл алып иш жүргүзүү жагынан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге баракелде дешибиз керек.  Буга чейинки УКМК жетекчилериндей болуп Бишкектен чыкпай иш жүргүзүү ыкмасынан качып, атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн иштерине өзгөчө көңүл буруп, алардын материалдык шарттарын оңдоо, коопсуздук багытындагы иштердин  жүрүшүн жакшыртуу менен алек. 

Камчыбек Ташиев аймактарды кыдырып, жеринен таанышуу иш сапарларын күндүн сууктугуна, кыштын ызгаарына  карабай  улантууда. Бул ирет Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүктөрү менен тааныша тургандыгы маалым болду. Баткенге болгон сапарында чек ара боюнча абалды билип, кырдаалды байкап, чек ара коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштердин жүрүшүнө көзөмөл кылып келмекчи. 

Камчыбек Ташиев атайын кызматтын башына келгенден бери кызматтын аймактардагы каралбай калган имараттары жаңыдан курулуп, аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында иш алып баргандар үчүн мыкты шарттар түзүлө баштады. Талас облусуна болгон иш сапардын алкагында кезектеги УКМКнын райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын пайдаланууга бергени турат. 
Акыйкаттык үчүн айталы, мындай иш аракеттери менен Камчыбек Ташиев УКМКнын ишинин сапатын жаңы деңгээлге чыгарып, өлкөнүн ички, сырткы коопсуздугун камсыз кылуу багытында зор  иш алып барып, эл, жер үчүн кызмат кылуунун үлгүсүн көрсөтүүдө.  Мамлекеттик кызматтарга келгенге чейин жаратмандыгы, жигердүүлүгү  менен айырмаланган Камчыбек мырза мамлекеттик кызматкер, жооптуу кызмат адамы катары  да жаратмандыгын көрсөтүп келүүдө.