- Эрнест мырза, жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити Кыргызстан үчүн пайдалуу болдубу?
- Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин саммити Кыргызстан үчүн пайдалуу болду деп эсептейм. Протокол боюнча маселелерди чечип алышты. Андан тышкары.ю жабык эшиктин артынан өтө маанилүү иштердин пландарын талкуулап түзүп алышты. Азыркы дүйнөдө 100 жылда бир структуралык саясый, экономикалык, эл аралык укук, демократия кризиси болуп атканда, ушундай чогулуш жана сүйлөшүү мамлекетибизге өтө маанилүү.