Печать
Категория: Коом
Просмотров: 327

Кыргыз Республикасынын президентинин алдындагы мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев менен маек.

- Каныбек агай, түрк тилдүү элдер латын алфавитине өтүүгө катуу киришип  башташыптыр. Бул маселенин бизге да тиешеси барбы? Биз да өтүшүбүз керекпи?

- Кыргыз эли акыркы 100 жылда өзүнүн туруктуу алфавитин бир жаңсыл кылып орното албай келет. Буга бир топ тарыхый окуялар себеп болду. Улуу Октябрь Революциясына чейин кыргыздар негизинен, араб алфавитин колдонуп келишкен. Мен эми байыркы орхон-енисейлик жазууларды эстебей эле коёюн. Анын өзүнчө улуу тарыхы бар! ХХ кылымдын 1922-1940-жылдар аралыгында биз, кыргыздар латын алфавитин кабыл алып, бир топ эле аны өз эне тилибизге кызмат кылдыра алганбыз. Бирок, СССРдин 2-Дүйнөлүк согуш алдындагы "патриоттук жана империялык оорулары" козуп кетип, ошол учурдагы бардык союздук республикалар "кириллицага" мажбурлап киргизилген. Албетте, бул жаатта, биздин тилчилерибиздин эбегейсиз зор эмгектерин айтпай коюга болбойт. Союздун бирдиктүү тоталитардык шартында кыргыз тилибиздин тыбыштык түзүлүштөрүн аргасыздан ар түрдүү "келегей" жолдорго ала-салдырып келбедикпи?! Эми СССР ыдырады. Ар бир союздук республикалар "өз оокаттарын" өткөрө башташты. Алардын дээрлик баары өздөрүнүн тарыхый жана салттык жолдоруна түшө башташты. Биз дагы ошенттик! 1989-жылдын 23-сентябрында алгачкы болуп чамынып, кыргыз тилин "Мамлекеттик тил" деген статуска ээ кыла турган мыйзамды дагы кабыл алып жибердик! Мында ар бир республика өздөрүнүн улуттук салттарына шайкеш келген саясаттарды жүргүзө башташты. Улуттук өздүк аң-сезимдер орной баштады. Албетте, мындай учурларда алардын эне тилдеринин мурдагы абалдарына келтире турган иш-чаралар актуалдуу болду. Мисалы, түрк тилдүү элдер, негизинен латын графикасына кайта башташты. Ал турсун КМШ биримдигине  киришкен Орто Азиянын өлкөлөрү 1993-жылы латын алфавитине өтүү боюнча өз ара меморандумга дагы кол коюп жиберишкен. Анын ичинде биз дагы бар элек! Ошондон соң түркмөндөр, өзбектер, казактар жана азербайжандар ыраттуу түрдө саясат кылышып, акырындап латынга өтүп алышса, биз кыргыздар"  адатыбызча ары-бери чарпылып, Кремлди жалооруй тиктеп, кылчактап, убакыт коротуп отуруп алдык. Эми маселе кайрадан көтөрүлүп жатат. Жаңы, кайрадан түзүлгөн Түркий мамлекеттердин уюму (ТМУ) дагы бир топ интеграциялык демилгелерди көтөрдү. Мындай кырдаалда биз кыргыздар, алфавитибизди латынга которуубуз дагы актуалдуу боло баштады. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында Түркиянын Бурса шаарында өткөн конференцияда дагы бул маселе каралып, ар бир түркий өлкөнүн окумуштууларына орток түрк алфавитин калыптандыруу боюнча сунуштар берилди. Муну биз дагы көңүл буруу менен байкай баштадык. Эми калганын мезгил көрсөтөт.

- Тил форумун Кыргызстанда өткөрүү маселесин көтөрө баштапсыз. Ушул боюнча да пикириңизди айтып койсонуз...

- Бул демилгени ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Султан Раев экөөбүз көтөрүп чыктык десек болот го! Бул Түрк тилдеринин Форумунун өзү 2023-жылдын май айынын аяктарында биздин Бишкек шаарында өтө тургандыгы  мерчемделүүдө. Акыркы учурлардагы ТМУнун активдүү интеграциялык аракеттери буга түрткү болуп жатат. Азыр бул форумду уюштуруучулардын бир нече эл аралык институттары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Негизинен, каржы маселелелерин чечүү актуалдуу болуп турат. Бардык керектүү документтер жыйналгандан кийин президентибиз Садыр Нургожоевичке кайрылабыз. Мындай эл аралык интеграциялык форумдарды уюштуруу биздин мамлекет үчүн кандай керек экендигин айтпасак деле ар бир жүрөгүндө "кыргыз деген ыйык сезим уялаган инсан" үчүн өтө маанилүү го деп эсептеймин! ТҮРКСОЙ эл аралык уюму баш болгон бир нече интеграциялык уюмдар өздөрүнүн макулдугун беришүүдө. Мындай маанилүү форумга өзүбүздүн расмий бийлик белсенип эле киришип берет деген үмүттөрүбүз зор!

- Түркияга кандай иш-чарага барып келдиңиз?

- Үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын 6-8-күндөрү Түркиянын борбор калаасы Анкарада эл аралык ири маданий иш-чара  болуп өттү. Анын уюштуруучусу ТҮРКСОЙ эл аралык уюму болду жана бул окуя кыргыздын чыгаан уулдары Касым Тыныстановдун, Түгөлбай Сыдыкбековдун жана Токтоболот Абдымомуновдун жаркын элестерине арналды. Анкарада 3 күн бою сыймыктуу жана залкар аталарыбыздын ысымдары зор шаң менен жаңырып турду! Кыргызстандын делегациясынын курамына окумуштуулар, адабият жана тил изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер киришти жана алар өздөрүнүн терең изилдөөлөрү менен бөлүшүштү. ТҮРКСОЙдун баш катчысы, белгилүү жазуучу жана драматург Султан Раевди аракеттери менен жогоруда аталган улуу инсандардын абройлору жогорку даражада даңазаланды жана өтө талаптуу түрк коомчулугу үчүн залкарларыбыз жөнүндө терең мазмундуу  маалыматтар тартууланды. Кыргыз тилинин статусу, анын көйгөйлөрү жана бирдиктүү түрк алфавити жөнүндө дагы маселелер козголду.