Сасык тумоо жана коронавирустун жугуу жолдору бирдей жана көбүнчө клиникалык жактан бирдей.

Бирок айырмачылыктары бар:

1) COVID-19да инкубациялык мезгил 1-14 күнгө чейин, Омикрон-штаммында 3 күнгө чейин кыскарат, ал эми сасык тумоодо оорунун алгачкы белгилери иммунитети начар адамдарда бир нече сааттан тартып 3 күнгө чейин пайда болот;

2) Сасык тумоодо адамдын абалы 7-8 күндө жакшырышы мүмкүн. Ал эми коронавирус инфекциясында 7-8 күндө тобокелдик факторлору бар адамдардын белгилүү бир пайызында, туура дарылоо болбосо, оору энтигүү жана дем алуу жетишсиздигинин пайда болушу менен кийинки баскычка өтүшү мүмкүн;

3) Коронавирус инфекциясы тамак сиңирүүнүн бузулушуна (диарея) алып келиши мүмкүн, сасык тумоодо чоңдордо сейрек кездешет;

4) Мезгилдик: сасык тумоо күз-кыш мезгилине мүнөздүү, COVID-19да эпидемияга каршы ченемдерди бузуу роль ойнойт;

5) COVID-19дан улам өлүм сасык тумоого караганда жогору, өлүм деңгээли 3-4%. Мезгилдик сасык тумоодо адам өлүмү демейде 0,1% деңгээлинде турат.

6) Коронавирус сасык тумоого салыштырмалуу олуттуураак кыйынчылыктарга алып келет.

7) COVID-19да жана сасык тумоодо дарылоо ыкмалары ар башка. Бирок эки оорунун тең жеңил белгилери менен ооруган бейтаптарга үй шартында дарыланууга болот.

❗️ Коронавирустун сасык тумоодон айырмасын дарыгер аныктаганы маанилүү, анткени эки дарт тең кооптуу кыйынчылыктарга, анын ичинде пневмонияга жана андан ары адам өлүмүнө алып келиши ыктымал.