Укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн текшерүүнүн алкагында КР УКМК төрагасы генерал-лейтенант КамчыбекТашиев тик учак менен Баткен, Жалал-Абад, Талас облустарына жана Бишкек шаарына учуп кетти. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"КР УКМК төрагасы бардык күч түзүмдөрүнүн кышкы мезгилге даярдыгын текшерип, чек ара коопсуздугун камсыздоо маселесин талкуулап, көзөмөлдөп келет", - деп айтылат атайын кызмат тараткан билдирүүдө.