Өлкөдөгү жакшы иштерди, жетишилгендерди, өнүгүүлөрдү көрө алышпай, ар кандай негативдерди жазышып, «бөйрөктөн шыйрак чыгаргандарды», жакшыдан жамандык издегендерди эмне деп атоого болот? Албетте, элдин, өлкөнүн душмандары деп айтсак туура болсо керек. Элин, жерин сүйгөндөр жакшы иштерге кубанышат, колдоого алышат.
Дегенибиз, ӨКМ үчүн мамлекеттин акчасына жаңы Airbus H145 тик учагы сатылып алынса, ошонун тегерегинде ар нерселерди жазышкандар болууда. Көнгөн адаттарынча ага да Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди байланыштырып, «буга чейин Садыр Жапаров үчүн алынган болсо, эми Камчыбек Ташиев үчүн алынды» деп жазып аткандар да жок эмес. Минтип койнунда котур таштары барлар, арамза ойлуулар эле жазышаары түшүнүктүү.
ӨКМдин техникаларынын «мышык ыйлаарлык» абалда экени буга чейин далай айтылып, жазылып келген. Акыркы жылдары техникалары жаңыртылып, заманбап үлгүдөгү техникалар сатылып алына баштады. ӨКМдин техникалык паркы кескин жакшырды, ар кандай кырдаалдарга пайдаланчу техникалар келе баштады. Бул «кээ бирлердин» уйкусун качырып аткан болсо, аныгында бюджетте акча болуп атканынан, өсүш, өнүгүү болуп атканынан гана кабар берет. Анткени, тик учак насыяга эмес, бюджеттин нак акчасына сатылып алынды.
Тик учак ар кандай кырдаалдарда, ыкчамдык талап кылган учурларда кызмат кылып, далай адамдарды өлүмдөн алып калууга, экстремалдык учурларда медициналык ж.б. жардамдарды маалында көрсөтүүгө себепкер болору талашсыз. Болбосо, буга дейре ушундай техниканын жоктугунан ар кандай табигый кырсыктарда жерине маалында жете албай, айла куруган, амал түгөнгөн учурлар далай болбодубу. Тик учакты зарыл учурда өлкөнүн аймагында Президент да, Министрлер Кабинетинин башчысы (балким, ЖК төрагасы да) да пайдалана беришет.