Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

Ош шаарындагы Рыспай Абдыкадыров атындагы филармониянын жетекчилигине сын айткандан кийин депутат Аида Исатбек кызы өзү коомчулуктун сынына кабылган болчу. Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүү таратты. 

"Жогорку Кеңештин депутаты элдин өкүлү катары калк тарабынан айтылган көйгөйлөрдү көтөрүп, алардын чечилишине көмөк көрсөтөт. Алсак, депутат Аида Исатбек кызы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынынын алкагында Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын абалы менен жеринде таанышкан.  Ага ылайык, аталган маданий жайдагы жагдай тууралуу парламентте кеп кылып, 22 жылдан бери башкарып келе жаткан жетекчилиги боюнча пикирин билдирген. Тагыраагы, ырдын пири Рыспайдын атын алып жүргөн филармониядагы шартты жакшыртуу менен маданий жайдын өнүгүшүнө өбөлгө түзүү максатында гана маселени көтөргөн. Депутат Аида Исатбек кызынын Г.Садыбакасовага карата мындан башка жеке таарынычы жок. Андыктан, айтылган пикирди туура кабыл алып, 22 жылдан бери жетектеп келе жаткан филармонияны өнүктүрүү жаатында жигердүү иш алып барат деген ишеничте.

Албетте, депутаттар бардык конструктивдүү сындарды угууга даяр. Калктын көйгөйүн көтөрүп чыгууда айтылган пикир айрым адамдарга жакпашы анык. Бирок депутат Аида Исатбек кызы өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде мамлекеттеги жана коомдогу көйгөйлөрдү ачык айтып, аларды чечүү багытында ишин жигердүү уланта берет", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, парламент жыйынында депутат Аида Исатбек кызы аталган филармониянын абалы начарлаганын айтып, жетекчиликти оңгулуктуу иш алып бара албай жатканын сындаган. Ошондой эле директорду алмаштыруу керектигин билдирген. 

Ага жооп катары филармониянын директору Гүлшайыр Садыбакасова алган наам-сыйлыктарын, жасаган иштерин тизмеледи жана 2000-жылы Ош облусунун ошол убактагы губернатору Темирбек Акматалиев ой-боюна койбой, жетекчилик милдетти жүктөп койгонун айтты. Ошондой эле, Садыбакасова жакында маданият министри Алтынбек Максутов менен сүйлөшүп, ден соолугуна байланыштуу жаңы жылдан кийин кызматын тапшыраарын макулдашкан.