- Кыргыз Республикасынын тергөө комитетин түзүш керек деген маселени айрым депутаттар кыйыта башташты. Бул демилге туурабы, кандай ойлойсуз?

- Тилекке каршы, биздин көп саясатчылар кызматка келгенде эле өзүн "мессия" сезип алышат. 2010 -жылы да Текебаев Конституцияны өзүнө ылайыктаган, кийин Атамбаев өзгөрттү, 2020-жылы да конституциялык өзгөрүүлөр болуп, прокуратурага тиешелүү бөлүгү башпрокурор тарабынан сунушталган. Ал өзгөрүүгө чейин, жаңылбасам, прокуратурада тергөө жана башка көп функциялары жок эле. Эми кайра айрым депутаттар тарабынан прокуратурадан тергөө функциясын алып салуу  сунушталууда. Өткөн жылы салык мыйзамдарына ызы-чуу менен өзгөрүүлөр кирди эле, быйыл да өзгөрүүлөр сунушталып жатат. Айтайын дегеним, бизде кадр саясатында, мыйзамдарда жана да бир топ жааттарда стабилдүүлүктүн жоктугу, хаос болуп жаткандыгы, мына ушундай маселелердин жаралып тургандыгы  өкүндүрөт.