- Сонунбү эже, бийлик ойдогудай иштеп жатабы? Чек аралар чечилип, түйүндүү маселелер эпке келе баштадыбы?
- Албетте, келген бийлик жаңы оборот алды десе болот. Буга чейин бийликтин жаңы долбоору чийилип, ошону менен катар майда - чүйдө ат жалында бүтчү иштер жасалып келди окшойт. Ошону менен эле катар жаңы келген бийлик иштейм дегендин баарына иш берип, эксперимент кылып да көрдү. Көпчүлүк учурда ишти ошолор көп аксатты. Азыр деле ошолордун кесепети тийип турат. Негизи эми иштин көзүн билбеген кадрларды ыкчамдык менен башы - көзүн карабай ордунан жылдырыш керек. Себеби алардын зыяны өлкөгө өтө көп жана алга жылууга тоскоол болуп ишти кашаңдатат. Көрүнүп турат президентибиз өтө чапчаң кыймылдап, тез чечим чыгарат. Ал эми тегеректегендердин курсагын май басып уйкусу келип, эл менен иши жок.
- ЕАЭС саммити Кыргызстанда өтүп жатканы да жакшы саамалыкпы?
- Өлкөбүздө күндө жакшы жаңылык, күндө жакшы сюрприздер болуп эл кубанып жатат. Чындыгында ЕАЭС саммити өткөнү да жакшы саамалык. Кайсы бирине сүйүнөрүбүздү билбей жыргап турабыз. Андан сырткары отуз жылдап чечилбей келген болор-болбос иштер иш арасында эле чечилип калып жатат. Мисалы, Жазуучулар Союзунун арендасы жоюлуп, жаңы имарат курула турган болгону да чыгармачыл жаратман чөйрө үчүн чоң иш, чоң белек болду.
- Чек аралар чечиле баштадыбы?
- Өзбекстан менен иш чечилди буйруса. Эми тоо-ташты аралаган жолдор менен эмес, түз жол менен Ош, Жалал-Абад каттамдары ишке кирет.
Тажикстан менен да иш оңунан чечилет деп тилек кылып туралы. Эл ынтымак, тилеги ак болсо эле жакшы иштер боло берет. Негизгиси келе жаткан жакшылыкты жакшылыктай кабыл алганды, аны көбүртүп - жабыртып көбөйткөндү үйрөнөлү. Жакшылыкты жар салуунун өзү жакшылык. Биз жакшы нерсени жарата ала турган касиеттүү, кудай сүйгөн элбиз. Бизде жаман нерсе болгон эмес. Ак сөөк, таза элбиз. Каныбыздан жамандыкты айдап салып, жакшыбызды гана карманып жашайлы. Буйруса баары жакшы болот. Эл башына эл уулдары келди.