Кызык эле жигит экен Атамбаевдин ушул баласы. Депутат имиш. Атасынын "кол тийбестигин кайтарып бергиле же болбосо Жээнбековдукун алып салгыла" деп ультиматум коюп жатат.

Биринчиден. Атасынын кол тийбестигин Жээнбеков эмес, "чимкирик" депутаттар алышкан. Ал эми дал ошол "чимкирик" депутаттардын ар бири Атамбаевдин элегинен өтүп: "Алмаз Шаршенович! Сиз эмне десеңиз аткарабыз, ар кандай мыйзамдарыңызды канчалык ыплас экенине карабай колдоп беребиз", -  дешип парламентке барышкан депутаттар болчу. Сеид арманын ошолорго айтсын, Сооронбай Шариповичтин кандай тиешеси бар?

Экинчиден. Атасы түрмөдө жатса, анын кол тийбестигин кайра бергенде ага кандай пайда? Түрмөдө кол тийбестиктин кереги жок болуш керек?

Үчүнчүдөн. Атамбаевдин балдары атасын кыпындай да сыйлашпайт экен. Эгер эле сыйлаган болсо, атасы менен Путиндин достук мамилесин сыйлап, тиги индуска окшогон Кадыр баласы Америкага каттап калбайт эле.

Ушул жерде бийликтин кулагына бир күмүш сырга:

Атамбаев көзү тирүү экен, эч качан арам иштерин токтотпойт. Ал ыплас иштерди жасаганга абдан такшалган.

Атамбаев Путинден эч кандай жардам болбошуна көзү жетти. Түрмөдөн жакын ортодо чыкпашын да сезди. Кандайча болсо да азыркы бийликке подлый мамиле кылып, өлкөдө стабилдүүлүктү бузуш керек.

Керек болсо "мага тийбеген көтөн чучук богу менен кайнасын" дегендей, Кыргызстандын башына Украинанын күнү түшсүн деген максат менен баласын Америкага жөнөтүп жатат.

Анысы Америкага барып, Кыргызстанды өлө жамандап, өздөрүнө окшогон ички душмандардын жардамы менен өлкөбүзгө бүлүк салганы жүрөт.

Ошондуктан, бийлик башындагылар Атамбаевдин балдарынын аракеттерине саясий баа берип, баардык нерсенин алдын алуулары зарыл.

Бизде акча десе атасын сата тургандар он миңдеп саналат. Миңдеген селсаяктар менен оңой эле бийликти алмаштырса боло турганын өз башыбыздан өткөргөнбүз да.

Атамбаевдин "индус" баласын контролдоо зарыл.

Шамурза Борукулов