Печать
Категория: Коом
Просмотров: 258

Ыраматылык Мелис байкебиз көзү тирүү болгондо бүгүн 60 жаштын суусун ичмек экен. Аттиң... Бирок өчпөс ысымы, элеси бар, өзү гана жок…

Мелим Эшимканов ким эле? Эң ириде мыкты адам, акылкошор кеңешчи, устат, чыгаан журналист, таланттуу уюштуруучу, сөз эркиндигине, эркин журналистиканын өнүгүүсүнө ченемсиз салым кошкон инсан, саясий жана коомдук турмуштун күрөө тамырын кармай билген саясатчы, сөзгө чечендиги, авантюристтик кадамдары менен айырмаланган, эч кимге окшобогон, өзүнүн гана турмуштук позициясы, принциптери бар феномен АДАМ эле. Мелис Эшимкановдун феномендигин, анын өзгөчөлүгүн кыска постко сыйдыруу мүмкүн эмес. Ага кандай эпитеттерди арнаса да жараша берчү өзүнчө дүйнө эле. Анын эркин журналистиканын, эркин ойлоонун, эркин жазуунун өнүгүүсүнө, демократиялык баалуулуктардын калыптануусуна кошкон салымы өзгөчө ат көтөргүс.

Бүгүнкү туулган күнүнүн урматына Мелис байке жөнүндө көп нерселер айтылат, жаркын элеси эскерилет. «Бийик тоонун бийиктиги алыстан даана көрүнөт» демекчи, Мелис байкенин чыгаандыгы, бийиктиги жыл өткөн сайын андан бетер билинип, туюлуп жатат…

Эмне дейбиз, бүгүн бар да эртең жок, ушундай экен дүйнө шок, дечү беле! Өзүңүз жок болсоңуз да, кылымдарга жашачу сөздөрүңүз, өлбөс-өчпөс ысымыңыз, өлчөп баалоого мүмкүн болбогон эмгегиңиз, жууса кеткис изиңиз бар. Ошондуктан Сиз дайыма тирүүсүз, Мелис байке…

 

Нургазы Анаркулов, журналист