- ЕАЭСтин саммити, Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин иши илгерилеп жатканынан кабар береби?
- Албетте. Мамлекеттин базалык маселеринин бири - бул чек ара. Чечилип атат. Шүгүр. Эми Таджикистан менен чек араны чечип алсак, анда биздин көз каранды эместигибиздин бир бутагын түптөп алабыз. Андан кийин бир эле маселе калат - кантип өзүбүздү коргойбуз, багабыз жана өнүгөбүз.
Кыргызстандын суверенитетин улуттук баалуулуктардын эң маанилүүсү катары эсептесек, анда жолдору өзү эле чечилет: чек ара, экономика өсүшү, калктын кыргызды кыргыз кыла турган аң сезими, жүрүм-туруму жана башка.