- ЕАЭСтин саммити, Өзбекстан менен чек аранын чечилиши, Тажикстан менен дагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышы бийликтин ишти илгерилетип жатканынан кабар береби?
- Алды Өзбекстан менен чек аранын такталуусу - президентибиздин келечекти баамдай, аяр жүргүзгөн ички- тышкы саясатынын жемиши десек болот. Калп айткан менен болобу президентибиздин Орус -Украин чатагы боюнча калыс туруму өз жемишин берүүдө. Айталы, Тажикстан Казакстан өңдүү айрым ЕАЭСтин мүчөлөрү ойкуп-кайкып атканда Кыргызстан өз союздашы болгон Орусияны башкаларчылап сатып кетпеди. Мына ошонун жыйынтыгында ички- сырткы саясат ирети менен болуп, чек ара көйгөйлөрү Өзбекстан менен аяктап калды. Тажикстан менен болжогондон эртерээк бүтчүдөй болуп турат. ЕАЭСтин жыйынынан кийин Кыргызстан менен ЕАЭС ортосу бекемделип чоң өзгөрүү болоруна ишенип турабыз.
Орусия коомчулугу дагы, жетекчилиги дагы Кыргызстан ишенимдүү союздаш экенин билип, туйуп калышты. Ошондон улам бу сапар ЕАЭС жыйыны Кыргызстан үчүн ийгиликти, бакубатуулукту алып келет деп ишене бериңиздер.