Үстүбүздөгү жылдын 7-декабрында КР УКМК жана Нарын облусунун ИИБ менен биргеликте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, Жумгал районунун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү: «Саяк» каймана аты бар К.М. жана "Мики Чор" каймана аты бар Ж.М.  «Кыргыз-Көмүр» МИнын Кара-Кече кенинен көмүрдү мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн кармалышкан. Алар чыгарып кеткен  №24 бөлүмдөгү көмүр элге ылайыкташтырылып, тоннасына 4 миң сомдон баа коюлган арзандатылган көмүр болчу. 

К.М. жана Ж.М. 2022-жылдын 30-ноябрынан 1-декабрына караган түнү «Кара-Кече» филиалынын кызматкерлерине күч колдонобуз деп коркутуп, жеке баюу максатында ал жерден өзүм билемдик менен көмүр ташып кетишкен.

Учурда кармалгандар Нарын шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.