КР Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадилаевге боорун алмаштыруу боюнча операция Түркияда жасалат. Бул тууралуу коомдук ишмер Ассоль Молдокматова билдирди. 

Буга чейин коомдук ишмер актердун күйөрмандарынын арасынан донор издей турушканын жарыялаган болчу. Бирок Түркиянын дарыгерлери бир гана жакындары донор боло алышаарын айтышкан. 

"Эки күн аралыгында миңдеген адамдар кайрылышып, донор болууга макулдугун беришти. Бирок операция жасалчу клиниканын талабына ылайык, бир гана туугандар донор боло алышат экен. Ошондуктан, актердун төрт тууганы анализ тапшырууга камданышууда. Азиз учурда аз аздан тамак жеп калды", - деген Молдокматова кайдыгер карабаган бардык жарандарга ыраазычылыгын билдирди.