Ырчы Анжелика Кайратова жарандык активист Алга Кылычевди сотко берип, 10 миллион сом өндүрүп алуу талабын келтирген болчу. Алардын чырын чеччү сот отуруму 7-декабрга белгиленгени менен кечээ отурум болгон эмес. 

Алга Кылычевдин айтымында, буга эки себеп болгон. Биринчиден, доо койгон тараптын арызы толук толтурулбаган. Экинчиси, соттук отурум кыргыз тилинде өтсүн деген талап. 

"Судья доо койгон тарапка Алга Кылычевдин кайсы сөзү беделине шек келтиргенин так, далилдүү жазып келүүнү тапшырды. Ошондой эле, мен соттук отурум кыргыз тилинде өтүшүн сурангам. Котормочу жок болуп калгандыктан, отурум кийинкиге жылдырылды", - деди Кылычев. 

Булардын чыры Анжелика Атамбаевдин Кой-Таштагы ата-энесинен калган үйүн балдарды реабилитациялоочу борборго айландыруу сунушу менен бийликке кайрылуусунан башталган. Кылычев мындан кийин ырчынын өтмүшүн иликтеген видео кайрылуусун чыгарган. Анда ырчынын Дөө Чыңгыз каймана аттуу кримдүйнөсүнүн өкүлүнүн өлүмүнө тиешеси бардыгы айтылган.