Депутат Гуля Кожомкулов Жогорку Кеңештин жыйынында Соцфонддун канча каражаты коммерциялык банктардын жүгүртүүсүндө болуп жатканын кызыкты. 

Эске салсак, бүгүн парламент Социалдык фонддун бюджетин карап жатат. 

Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиев коммерциялык банктарда 3, 649 миллиард сом бардыгын айтты. Белгилегендей, каражаттарды коммерциялык банктарга 14 пайыздан 18 пайызга чейин үстөк насыя иретинде беришкен. 

"Коммерциялык банктарда мамлекеттин акчасы жүгүртүлүп жаткандан кийин Соцфонд максималдуу ставканы коюшу керек. Сиздер мамлекеттин акчасын жана төлөмдөрүн жүгүртүп жатканыңыздарды билесиздерби. Бул демек, банктарга максималдуу ставка менен коюшуңар керек. А сиздерде кырдаалга жараша эле болуп жатат. Ашыкча акчалар кайда?" - деди депутат. 

Алиев бул каражаттардан түшкөн киреше Соцфонддун же пенсиялык фонддун бюджети катары каралбай турганын белгиледи. Каражат жарандардын чогултуу эсебине кетет. Бир жылдык киреше орточо эсеп менен 11 пайызды түзөт. 

Бул жоопко депутат нааразы болду. Ал социалдык төлөмдөр дагы деле болбогон акча бойдон калып жатканын айтты. 

"Өсүш реалдуу болушу керек да. Мамлекет коммерциялык банктарда акчаны жүгүртөт, пайыздарды алат, ал пайыздар социалдык төлөмдөрдү, пенсияларды көбөйтүүгө кетиши керек беле. Болбогон суммага көбөйтүп жатасыңар, а өзүңөр чоң сумма аласыңар", - деди Кожомкулова. 

По словам Алиева, доход от этих вложений не учитывается как бюджет Соцфонда или пенсионного фонда. Средства перечисляют на накопительный счет граждан. В среднем ежегодный доход составляет 11%.