Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков парламент жыйынында каза болгондордун пенсиясын жакындарына мурас катары өткөрүүнү сунуштады.
Ал белгилегендей, көп жарандар пенсиялык фондко акча которушат дагы бирок пенсия курагына жетпей калышат.
"Ал акчаларды маркумдун жакындарына мурас катары калтыруу керек. Эмнеге 2 пайызын гана берип, калганын фонддо калтырасыңар? Жаран өмүр бою иштеди, акча которду, а мураскерлери эс нерсе албай калышат. Ушуга ылайыктуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышыңар керек", - деди депутат.
Соцфонддун жетекчиси Бактияр Алиевдин айтымында, айлык акынын 10 пайызы пенсиялык төлөмгө кетет, анын 2 пайызы чогултуу иретинде. Эгер жаран пенсия курагына чейин көз жумса, анда ошол 2 пайыз мураскерлерине берилет. Ал эми каза болгон жарандын жубайынын пенсиясы аныкынан аз болсо, анда маркумдун 2 пайызы ага кошулат.