Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Жаркынбек Касымбеков ээлеген кызматынан бошотулганын маалымат каражаттарына өзү билдирди. Ал белгилегендей, мындай чечим өткөн жумада чыккан.
Жаркынбек Касымбеков ушул жылдын июнь айында саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп дайындалган жана мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиевге кылмыш иши козголгонуна байланыштуу эки айдай министрдин милдетин аткарган.