Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Англияга иш сапары менен кеткени белгилүү болгон. Ал токтом долбоору менен тааныштырмак, өзү жок болгондуктан маселени кийинкиге калтыруу сунушун депутат Венера Раимбачаева жолдогон.
Мындан улам маалымат каражаттары өкмөттүн делегациясы эмнеге Англияга кеткенине кызыгып башташты. Жыйынтыгында, себеби белгилүү болду. Көрсө, Эдил Байсалов баштаган делегация Лондондун каржы биржасына алтын жеткирүү маселесин чечүүгө жөнөгөн.
Байсалов менен чогуу делегациянын курамында Министрлер Кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Темирбек Эркинов, президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечим кабыл алуу бөлүмүнүн эксперти Сүйүнтбек Аликеев, каржы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиев, Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев, "Кыргызалтын" ишканасынын төрагасы Элдияр Калдарбеков жана башкалар бар.
Сапар 6-декабрдан 12-декабрга чейин болот.