Печать
Категория: Коом
Просмотров: 124

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтун жыйыны болуп  өттү. Эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жолугушуусу 1-декабрдан 6-декабрга чейин Баткенде болду. Бул тууралуу Министрлер Кабинети билдирди. 

Маалыматка караганда, тараптар жалпы узундугу 17,66 чакырым болгон мамлекеттик чек ара тилкесинин долбоордук сыпаттамасын түзүшкөн. Андан тышкары  2023-жылга карата жолугушуулардын графигин макулдашышты.

Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстанда өтөөрү белгилүү болду.