Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Ушул тапта Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздардын жүз миңден ашыгы папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Бул вирус адамда рак илдетинин ар кандай түрлөрүн козгойт. Бир катар мамлекеттерде эмдөө өнөктүгү рак илдетинин бир кыйла азайышына алып келди.

Ошону менен катар эле бул вакцинанын коопсуздугунан күмөн санагандар жок эмес. Би-Би-Си Лондондогу Кингс коллежинин профессору Питер Сасиенини кепке тартып, вакцинанын канча түрү бар, бардык өлкө үчүн алар бирдейби деп сурады.

Питер Сасиени: Учурда бул боюнча дүйнөдө төрт башка вакцина колдонулуп жатат. Бири глобалдык саламаттык MSD компаниясынан, бири GSK фармацевтикалык компаниясынан. Андан тышкары Индияда жана Кытайда да чыгарылат. Булардын эки түрүнүн коопсуздугу боюнча абдан көп далилдүү маалыматтар бар. Эки түрү болсо жаңы, алар тууралуу маалыматтар чектелүү. Кыргызстан булардын кайсынысын колдонуп жатканы тууралуу кабарым жок эле. “Гардасил” же “Серварикс” болушу мүмкүн. Булар папиллома вирусуна каршы жакшы коргогон, даана эле коопсуз делген вакциналар.  

Би-Би-Си: Папиллома вирусу адамдарда бир катар рак илдеттерин козгойт.  Эмне үчүн ага каршы эркек балдарга караганда көбүнчө кыздар эмделиши керек?

Питер Сасиени: Папиллома вирусу себеп болгон рак илдеттери ичинен эң кеңири тараганы - бул жатын моюнчасынын рагы. Ошондуктан кыздарды эмдешет. Анын үстүнө рактын бул түрү жаш кезде башталышы ыктымал. Албетте бул вирус эркектер менен аялдар ортосунда жугуштуу болгондуктан, негизи андан арылуу үчүн кыздар менен катар балдарды да эмдөө зарыл. Папиллома вирусу эркектерде да жаман илдетти козгойт. Андыктан көп мамлекеттер бул вакцинаны кыздарга да, балдарга да сайып келет.

Би-Би-Си: Британдык рак институтунун макаласында - Папиллома вирусуна каршы вакцинанын коопсуз экени тууралуу далилдер көбөйүүдө, бирок ата-энелердин кабатыр болуп, ага каршы чыгуусу да көбөйүп жатат деп айтылат. Себеби эмнеде? 

Питер Сасиени:  Дүйнө боюнча “вакциналар зыяндуу” деген коопотонуулар таптакыр негизсиз. Дүйнөдө саналуу эле коркунучтуу илдеттерге каршы миллиондогон кишилер эмделет. Вакцина оор кесепетке апкелген учурдар өтө сейрек болот. Ал эми папиллома вирусуна каршы вакциналар коопсуз. Бул вирус жыныстык жол менен жугат эмеспи. Андыктан кээ бир ата-энелер, ага каршы эмдесе, бала жыныстык мамилени эрте баштоого ооп кетет деп коркушат. Бирок мунун далили жок. Бул вирустан пайда болгон рак илдети дүйнө боюнча көптөгөн жаш, же орто жаш адамдардын өмүрүн кыйууда. Анын алдын алууга эмдөө жардам берет.

Би-Би-Си: Батыш коомунда вакцина коопсуздугу же ага байланыштуу кабатырлануулар тууралуу маалымат, талкуу көп болот. Ал эми Кыргызстанда маалымат жок. Ата-энелер маалыматка таянып, макул болууга же андан баш тартуу мүмкүн экенин билишпейт. Ушул туурабы?

Питер Сасиени: Албетте маалымат негизинде чечим кабыл алган жакшы. Бирок туура эмес деп мен башка нерсени айтар элем. Ата-энеси баласы үчүн “эмдетпейбиз” деп чечим кабыл алса, кийин бала жаман илдетке кабылуу тобокелчилиги менен жашап калат. Кийин, ата-энесинин туура эмес чечиминен киши ооруп калса аны коом багат. Жапонияда, бул вакцинанын таасири тууралуу кооптонуулар бар деп аны токтотуп салышкан. Ал эми Англияда бул вакцина сунушталган аялдар арасында жатын моюнчасынын рагы 87 пайызга азайганы катталды. Швеция, Дания, Австралияда дагы  ушу сыяктуу болду. Демек бул вакцина рактан арылууга мүмкүндүк берет.

Би-Би-Си: Папиллома вирусуна каршы вакцина өтө сейрек болсо да, айрымдарга нейрологиялык жактан, же эрте менопаузага алып келгени сыяктуу өтө олуттуу таасирлери катталганы тууралуу маалыматар кездешет. Ата-энелер булар тууралуу билиши керекпи? 

Питер Сасиени: Жок. Анткени булар илимий жактан далилденген эмес. Бир жылда 300 миң кыз бул эмдөөдөн өтсө арасында өтө сейрек кандайдыр реакция болушу мүмкүн. Мындай учурлар кылдат каралып чыккан. Ошол илдеттер так ушул вакцинадан улам ырбаганы далилденген эмес. Англияда бул вакцинаны алгандан кийин бир кыз бир жумадан кийин кайтыш болгон. Эмдөөнү дароо токтотушкан. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө ал кыз эмдөөгө чейин эле рактын сейрек түрүнө кабылганы аныкталган. Албетте эмдөөдөн кийин кол ооруп, же эс-учуң жоготкон учурлар болушу мүмкүн. Бирок булар олуттуу кесепет деп саналбайт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда жыл сайын 600гө жакын аял жатын моюнчасынын рагына чалдыгат, алардын ичинен 300 аял бул оорудан көз жумат. Бул аялдарда рак оорусунун эң кеңири таралган түрү, Кыргызстанда көкүрөк рагынан кийин экинчи орунда турат.  Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиеванын айтымында, соңку мезгилде жаш кыздардын арасында бул оору жайылып баратат.  Буга себеп алардын сак жүрбөгөндүгү, инфекция катары ага көңүл бурбай жаткандыгы болууда.

Кыргызстанда жылына 5,5 миң адам онкологиялык ооруларга чалдыгып келет. Алардын көбү аялдар. Өлкө боюнча рак ооруларынын структурасында 1-орунду эмчек рагы ээлейт (19,2%), 2-орунда жатын моюнчасынын рагы (12,7%) турат. Өлүм боюнча биринчи орунду эмчек рагы (10,1%), үчүнчү орунду жатын моюнчасынын рагы (7,0%) ээлейт. 2020-жылы 616 эмчек рагынын жана 435 жатын моюнчасынын рагынын жаңы учурлары катталган.

 

Би-Би-Си Кыргыз кызматы