Печать
Категория: Коом
Просмотров: 552

Депутат Арсланбек Малиев Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия үч айдан бери бир да жолу жыйын өткөрбөгөнүн айтты. Ал белгилегендей, буга себеп - дайыма кворум болбой келүүдө. 

Төрага Нурланбек Шакиев: "Комиссия түзүлгөндөн кийин иштеши керек. Эгер иштей албаса анда ишмердүүлүгүн токтотуп салалы", - деди. 

Эки ай мурда Кумтөрдун ишин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал алтындын өндүрүлүшү жана сатылышы боюнча иликтөө жүргүзмөк. Жетекчилигине дайындалган Исхак Масалиев бир айдан кийин ден соолугуна байланыштуу жетекчи болуудан баш тарткан.