Баарыбыз эле акыл-эстүү, бүгүнкү менен жашабай, эртеңки күн кандай болушун бир аз болсо да элестетип, көз алдыбызга келтире ала турган акыбалдагы адамдарбыз. А түгүл бири- бирибизден аша чаап акылдуу да болуп кетебиз. Бирок ушул чет элдик уюмдар, батышчыл каналдар, батыштын жашоосун каалаган адамдардын максатын билип туруп, ушул бузукуларды жөнгө салып же болбосо таптакыр эле тыйып салганга кудретибиз жетпейт.

Америка аралашкан, Американын буту жеткен өлкөлөр эмне болуп жатканын көрүп эле жүрөбүз. Ошентсе да, баарыбыз биргелешип көчөгө чыгып же болбосо бийликке үстөккө-босток кайрылуу жасап, Кыргызстандын келечегине коркунуч жаратып жаткан, Кыргызстанды Сирия, Афганистан, Украина кылгысы келип жүргөн "Азаттык", "Клооп", "Политклиника", "Кактус" жана башка бузуку каналдарды, Ровшан, Рита, Чолпон Жакупова, Сооронкулова, Жанар Акаев, Дастан Бекешов окшогон батышчылдарды тыя албайбыз?

Белорус өлкөсүндө да биздин Рита, Жанарга окшогон Тихоновскаялар чыгышты, батыштын акчасына сатылышып. Бирок алардын арам ою ишке ашкан жок. Себеби, белорус эли 1941-1945 жылдары фашисттерден кандай азап чегишкенин унутпаган патриот эл жана бизчилеп көрпөсүнө карап бут суна албай батышты аңдыган тилемчилер эмес экен.А бизде болсо, "тихоновскаялар" чектен чыгып көбөйүп кетишкен.

2010-жылы түштүктө эл кырылып жатса, түштүк кыргыздарга бирөөнүн да боору ачыган эмес. Көчөгө чыгышып, кыргыз улутунун тарабын алып, туура сөздөрүн айта алышпаган. Тескерисинче, аз улуттун укугун тепсеп согушту кыргыздар баштады дешип, "Азаттыктын" эки буттуу айбандары жар салышкан.

Биз болсо "согушту кыргыздар баштаган жок" деп өзүбүздү актап алышка, бир топ батышчылдарды жолго салышка да күчүбүз жетпеди. Эң өкүнүчтүүсү, дал ошол журналисттер- кыргыздын эле уул-кыздары экенинде болуп жатпайбы.

Кыргыздарды дүйнө жүзүнө баскынчы, террорист көрсөтүшүп, ошол эле убакта сепаратисттер: Кадыржан Батыровдун, Азимжан Аскаровдун укугун коргоп ООНдун трибунасына чейин барышкандарга да тике карап сөз айта албадык. Эгер эле биз кыргыздарда кыпындай намыс деген касиет калган болсо,  ошол аялдарды, Кадыржандын табакташтары Бектур Асанов, Атамбаев, Текебаев, Отунбаеваларды ташбараң кылып тынчытышыбыз керек эле.

Американын орустарга болгон кара мүртөз согуштук аракеттери Орусия менен чектеш өлкөлөрдө болуп жатат. Кезек Орто Азияга келди. Кудай сактасын, бирок бизде Украинадагыдай окуялар болуп кетсе, орустар бизге карап да койбойт. Себеби, оор учурда биз Россияны колдой албадык. Тескерисинче, батышчыл бузукуларга Орусияны жамандатып карап олтурдук.

Төмөндөгү видеодогу аты аталган каналдарды ушул күндө тыйып, алардын иш аракеттерин контролдоп, чектен чыккандарып жаап, жоопко тартпасак, биздин өлкө да жакынкы күндөрдө оңбой калабыз.

Шамурза Борукулов, журналист