Жогорку Кеңештин депутат Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратуранын ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. 

"Башкы прокурордун кызмат орду Жогорку Кеңештин депутаттарысыз чечилбейт!" - деп белгилеген депутат жакында кесиптеши экөө башкы көзөмөл органы тарабынан 4 саатка жакын суракка алынганын билдирди. 

"Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2022-жылдын 30-ноябрындагы Жогорку Кеңештин жыйынында кесиптешим Шайлообек Карыбекович экөөбүз прокуратура органдарындагы коррупция тууралуу сөз сүйлөгөнүбүздөн кийин, саат 15:00 чамасында прокуратура органдарынын тергөөчүлөрү келген. Сурак берүү үчүн мажбурлап Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын имаратына алып барып, 4 саатка жакын кармап сурака алышты.

Башкы прокуратура колуна тийген эбегейсиз бийликке манчыркап, өздөрүн элден бийик сезип, элдин тагдыры менен ойноп көнүп калышкан экен.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев медицина тармагында реформаларды жүргүзүп жакшы иштеп жаткан жеринен, жалган жалаа менен 7 кылмыш ишин козгоп, 1 айга камап элге жаман аттуу кылды. Кийин Башкы прокуратура козгогон кылмыш иши негизсиз болуп тергөөнүн жүрүшүндө бардык кылмыш иштери кыскарды.

Башкы прокуратура тарабынан күнөөсү жок адамдарга кылмыш ишин козгоп айлап камаган фактылар көп. Бул адамдар канча моралдык материалдык чыгымдарды тартышты. Булардын укуктарын ким коргоп, чыгымдарынын ордун толтуруп берет?!

Жогорку Кеңеш бул стратегиялык-режимдик объект. Прокуратура кызматкерлери тоскоолдуксуз ар бир депутаттын кабинетине кирип, мажбурлап суракка алып кетип жатышат. Булар мыйзамдарды жана өз милдеттерин билишпейби эмне?

Башкы прокуратурада иштеш үчүн кымбат костюм шым, кымбат рубашка, кымбат туфли болсо эле болду экен, башкасы деле кереги жоктой. Мен ушундай деп түшүндүм", - деди Токторбаев.

Андан ары ал парламенттин депутаттарына кайрылды:

"Урматтуу кесиптештер!

Башкы прокуратура аша чаап, өз иш-аракеттери менен Конституциянын 78-беренесин, Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө Мыйзамдын 137-беренесин жана Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө Мыйзамдын 24-беренесин одоно бузду.

Эгер, мамлекетте мыйзамдардын так аткарылышын көзөмөлдөгөн орган Мыйзам чыгаруучу органдын мүчөсүн Конституцияны одоно бузуу менен ушундай кысымга алып жатса, анда башка жөнөкөй жарандарга кандай кордук көрсөтүп жатат деген суроо туулат!

Жогорку Кеңештин депутаттарына карата Башкы прокуратура тарабынан жасалган одоно мыйзам бузууларды иликтеп, укуктук баа берүү үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштайм", - деди Жеңишбек Токторбаев.