Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талабына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы элден түшкөн ой-сунуштар менен толукталды.
Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына сунуштама жолдонду.
Алар:
- Жарандардын кайрылууларын, даттанууларын дыкат карап, адилеттүү жана калыс жыйынтыктарды чыгаруу;
- Шектүү катары кармалган жарандардын иштерин узакка созбой, кыска мөөнөттө карап чыгуунун жаңы ыкмаларын иштеп чыгуу жана өндүрүшкө киргизүү;
- Сөз эркиндиги биздин байлыгыбыз, ошол эле учурда сөз маданиятын сактоо да ыйык парзыбыз экендигин эстен чыгарбай, эркин ой айтуунун аягы саясий куугунтукка айлануусуна жол бербөө;
- Чек ара маселеси боюнча камалгандардын ишин мыйзам чегинде адилет, кылдат карап чыгып, үй камагына чыгарып тергөөнү улантуу, күнөөсү жокторду бошотуу сунушталсын.