КР УКМК Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу-профилактикалык иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргыз Республикасынын жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы туулган А.А.Н. аттуу тургуну жана 1983-жылы туулган О.Д.И. радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, Кыргыз Республикасынын жарандарын Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда КР УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.