Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талабына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы элден түшкөн ой-сунуштар менен толукталды.
Ошондо Министрлер Кабинетине сунуштама төмөнкүдөй болду:
- Кыргыз Республикасы бакубат өлкөгө айланышы үчүн өнүгүүнүн туура жолун тандоо – негизги шарт. Бул багытта Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн Улуттук Программасындагы, “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыктагы түптүү ойлорду жана Президенттин Элдик Курултайда сүйлөгөн сөздөрүн жетекчиликке алып, “ачык либералдык коом” түзүү багытына караганда, улуттук иденттүүлүктүн нарктуу эрежелерин туу туткан, руханийэкономикалык тең салмактуулукту карманган жолго түшүүнүн артыкчылыктарын белгилөө менен коомчулук тарабынан сунушталган “Өнүгүүнүн Кыргыз жолу” багыттамасын жактыруу;
- Мамлекеттүүлүккө кооптуу кырдаалдарды жараткан коргонуу, чек ара, маалыматтык-идеологиялык, экономикалык, энергетикалык, экологиялык, демографиялык, тамак-аш ж. б. коопсуздуктардын алдын алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды көрүү;
- Коопсуздуктун башкы маселеси катары өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө жана көз карандысыздыгына жетишүү үчүн, кошуна өлкөлөр менен талаштуу болгон аймактарды тез аранын ичинде чечип, делимитация жана демаркация иштерин улантуу, аскердик-куралдуу күчтөрдү күчтөндүрүү;
- Чек ара тилкелерине жаңы айыл-шаарларды куруу, зарылчылыгына жараша элдик кошундарды түзүү жана чек ара тилкелериндеги демографиялык абалды жакшыртуу максатында жаш үй-бүлөлөргө мүмкүн болгон бардык социалдык шарттарды түзүү; ошону менен катар, чек ара тилкелериндеги жарандарга өзгөчө артыкчылык макамдарды берүү;
- Административдик-аймактык бирдиктерди оптималдаштыруу, башкаруунун жаңы заманбап жана улуттук ыкмаларын киргизүү, аймактарды комплекстүү өнүктүрүү багытындагы иш-чараларды иштеп чыгуу, башкаруунун жаңы маалыматтык технологияларын ар бир аймак бирдиктеринде ишке киргизүү;
- Элдин саламаттыгын сактоо тармагынын ишин жогорку деңгээлге көтөрүү максатында илимий изилдөөлөргө басым жасоо, мыйзамдык базасын кеңейтүү, медицина кадрларын мыкты даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүү менен бирге, аларды жумуш орундарына туура жайгаштыруу, дарыдармектердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү, заманбап имараттар жана техникалык жабдыктар менен камсыздоо, оорулардын алдын алуу, профилактикалык иштерди системалык негизде жүргүзүү; сергек жашоо, туура тамактануу, тейлөө маданиятын көтөрүү;
- Жашоо-турмуштун бардык тармактарын өнүктүрүүдө илимдин мааниси зор экендигин эске алып, ИДПнын 2,5 % тен кем эмес бөлүгүн илим изилдөө ишмердүүлүгүнө бөлүү;
- Улуу Кыргыз Каганатынын 1200 жылдыгынын урматына (2040) кыргыз тарыхын илимий талаптарга ылайык тактап жазып чыгуу, маанилүү даталарды белгилөөдө маараке-той форматынан, илимий-практикалык конференция багытына басым жасоо, Аттиланын өмүр таржымалына арналган эл аралык илимий-практикалык конференцияны Бишкекте өткөрүү, Арсланбап, Чеч- Дөбө, Кошой Коргон ж.б тарыхый жерлерди мамлекеттик коргоо-колдоого алуу, “Манастөр” руханий адам өнүгүү борборун тикелөө, Боз-Бөлтөктү улуттук парк зонасына айландыруу жана өлкө аймагына улуттук этнокомплекстерди, гео-агропарктарды куруу аркылуу туризм тармагын өнүктүрүү;
- Манас күнүн белгилөөнү 4-декабрдан 21-июнга жылдыруу;
- Ата-бабалардан калган акындык акылмандыкты, эл коргогон эрдикти жана өнөрдү көтөргөн касиеттерди баалаган салттарды эске алып, аларды илимий негиздеги заманбап улуттук баалуулуктарга айландыруу;
- Иш кагаздарды мамлекеттик тилде жүргүзүүнү методикалык заманбап санариптик системага салуу, мамлекеттик органдарда документтер менен иштөөнү жөнгө салуучу акттарга кыргыз тилинде иш кагаздарын жүргүзүүнү караган тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү, билим берүү тармагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, чет өлкөлөрдө жашаган мекендештердин арасында маданият, тил маселесин сактоого көмөктөшүү;
- Жалпы билим берүүчү мектептер үчүн мектептик билим берүүнү модернизациялоону улантуу, илимий педагогика менен элдик таалимтарбиянын үлгүлөрүн айкалыштырган жаңы билим-тарбия берүү стандартын иштеп чыгуу, “Адам жана коом” предметине адам таануу, кыргыз таануу, манас таануу, дин таануу маселелерин орду менен бап катары киргизүү, орто жана кесиптик окуу жайларга көңүл бөлүү, жогорку кесипкөй педагогдорду даярдоо үчүн шарттарды түзүү жана механизмдерин өркүндөтүү;
- Республиканын аймагындагы авариялык абалдагы мектептерди, ооруканаларды, бала бакчаларды, маданият үйлөрүн капиталдык оңдоолордон өткөрүү, зарыл аймактарга жаңыларын куруу, жол, канал, таза суу, жарыктандыруу, жашылдандыруу ж.б. иштерди ирээти менен чечүү үчүн бюджетке киргизүү, башка да альтернативдүү жолдорун издөө;
- Байыртадан келе жаткан эл башкаруу тажрыйбабызга таянып, үй -бүлө, аксакалдар институттарын заманбап калыбына келтирүү аркылуу нарктуулукту сактоо;
- Коррупция жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзамдуулукту бекем сактоо менен бирге, салттуу жөрөлгөлөрдү колдонуп, элди уят-намыска чакыруу, адеп-ыйманга маани берүү, билим-тарбия маселесине басым жасоо;
- Аялдардын көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү, алардын демилгелерин колдоого алуу, ден соолугу үчүн кам көрүү, эне-бала маселесине жетиштүү көңүл бөлүү, генетикалык патологияларды эрте аныктоо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
- Өкмөттүн курамында аялдар 9,5%, жергиликтүү бийликте 5,4%, Жогорку Кеңеште 18% гана пайызды түзүп жаткандыктан, аялдарды көбүрөөк жетекчилик кызматтарга тартуу, гендердик шайкештикти камсыздоо; - Калктын табигый кыймылын жана миграцияны эсепке алуунун сапатын жогорулатуу максатында арыз берилген жер боюнча жарандык абалдын актыларын каттоо практикасын өркүндөтүү зарыл. Улуттук жана жергиликтүү деңгээлде калктын санын жана калктын кыймылынын көрсөткүчтөрүн баалоонун сапатын жогорулатуу үчүн жашаган жери боюнча маалыматтарды берүүнүн тиешелүү механизмдерин түзүү;
- Чет өлкөлөрдөн өз каалоосу менен Кыргызстанга түбөлүк жашоо максатында келген этникалык кыргыздарга “кайрылман” макамын берип, атуулдук маселесин чечүү, чет өлкөлөрдө абакта жаткандардын жана кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүрүп жаткан жарандарыбыздын тагдырына мамлекеттик маани берүү;
- 2040-жылга чейинки демографиялык саясат жана улуттук генофонд концепциясын иштеп чыгуу;
- Калктын тез өсүшү Бишкек, Ош ири шаарларынын айланасында калктын топтолушунун көбөйүшүнө алып келгендиктен, шаардык жана айылдык инфраструктураны (транспорт, канализация, суу менен камсыздоо, калдыктардын бардык түрлөрүн тазалоо жана кайра иштетүү) өнүктүрүү;
- Архитектура жана айыл-шаар курулуш ишинде админстративдик кийлигишүүгө чек коюу, турак жайлардын сапатуу курулушу, жылуулук менен камсыздоодо экологиялык зыян келтирүүнү азайтуу, шаарлардын өнүгүшү капталга карай эмес, бийикти көздөй өсүүсүнө басым жасоо;
- Бишкек шаарынын бюджетин көбөйтүү менен, 2025-жылга чейин иштелип бүтө турган Башкы планы кабыл алынган соң, аны Президенттин жана коомчулуктун тыкыр көзөмөлүндө кармап, кынтыксыз ишке ашыруу; борборго жакын спутник шаарча куруу; элди жумуш орундары менен камсыз кылуу максатында ишканаларды ачуу; башаламан жана мыйзамсыз курулуштарды токтотуу; газдаштыруу жана электрлештирүүгө басым жасоо; тазалыкка маани берүү, таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу;
- “Табиятка шайкештик” программасын ишке ашыруу;
- Республикада пенсия курагында калктын санынын өсүшү күтүлүүдө, ушуга байланыштуу калктын жашоо деңгээлинин төмөндөшүнө алып келбөө үчүн пенсия менен камсыз кылуунун учурдагы системасын ресурстук толтуруу проблемаларын чечүү;
- “Жаштар биздин келечегибиз” деген сөзгө толук маанисинде жооп катары жаштарды мекенчилдикке, Ата -Журтун сүйүүгө, ар намыстуулукка, ыймандуулукка, улуттук наркты терең үйрөнүп билүүгө жана аны так сактоого тарбиялоо максатында илимий негиздерге таянып, ар тараптуу иштелип чыккан программаны кабыл алуу;
- Элдин деми менен экономиканы көтөрүү, алгылыктуу, келечеги бар демилгелерди колдоо максатында “Эл банкты” түптөө;
- Өлкөнүн суу-энергетикалык потенциалын толук колдонуу менен бара-бара импортточудан экспортоочуга өтүү жана Борбордук Азиядагы маанилүү транспорттук энергетикалык түйүнүнө айлануусуна жетишүү;
- Электромобилдерди чыгарган завод куруу менен чыгашалуу энергоресурстарды колдонуудан баш тартуу;
- Кыргыз улуттук авиа тармагын мамлекеттик көзөмөлгө алуу, аталган тармактагы коррупциялык элементтерди жоюу аркылуу бюджеттин дагы бир киреше булагын көбөйтүү;
- Тоо-кен иштерин ачык-айкын жүргүзүүгө өбөлгө түзүү, жаратылыш байлыктарын иштетүүдө 51% дан кем эмес бөлүгүн Кыргызстандын үлүшүндө калтыруу жана өнөр жайга инвестицияларды тартуу;
- Өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын узак мөөнөттүү бюджеттик субсидиялоонун механизмдерин киргизүү;
- Чакан-орто бизнести, тармактар боюнча жеке ишкердикти колдоо жана аларды ар тараптуу өнүктүрүүгө шарт түзүү;
- Тамак-аш азыктарын керектөөнүн жетиштүү өлчөмүнө ылайык алардын жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү көлөмдөгү тамак-аш азыктары менен калкты камсыз кылуу;
- Кытай Эл Республикасына экспорттун көлөмүн көбөйтүү максатында эки тараптуу иштиктүү келишимдерди түзүү жана ишке ашыруу;
- Кыргызстан Борбор Азиядагы суу ресурстарын сактаган бирден бир өлкө болгондугун эске алуу менен Кыргызстандагы мөңгүлөрдү коргоо, жаратылыштын табигый кооздугун сактоо, “Жашыл мурас” экологиялык программасын колдоого алуу;
- Кыргыз Республикасында электрондук сооданы өнүктүрүү боюнча ишчараларды өткөрүү;
- Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрдү ар тараптуу колдоо жана жеткиликтүү көлөмдөгү финансылык каражаттар менен камсыз кылуу; - Өстүрүлгөн айыл чарба продукциясын экспорттоого шарт түзүү үчүн логистикалык борборлорду уюштуруу, жаңы рынокторду ачуу боюнча мамлекеттик координациялоону күчөтүү;
- Мал чарбачылыгын өнүктүрүүдө төрт түлүктүн асыл тукумдуулугун жакшыртууга көңүл буруу;
- Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн ата мекендик селекциясын жана үрөнчүлүктү өнүктүрүү жана мамлекеттик көзөмөлгө алуу; -иче турган таза сууну дүйнөлүк рынокко алып чыгуу;
- Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу иштерин жана ирригациялык иштерди аягына чыгаруу үчүн бирдиктүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу;
- Кыргыз жарандарын тиешелүү жер тилкелери менен камсыз кылуу үчүн атайын комплекстүү айкын иштерди жүргүзүү сунушталсын.