ЖК депутаты Жеңишбек Токторбаевдин экс-президенттерден артыкчылыктарды алып салууну сунуштаган мыйзам долбоору учурда талкууда. ЖКнын профилдик комитети мыйзам долбоорун жактырды. Жогорку Кеңештин пленардык жыйыны мыйзам долбоору боюнча кандай чечим кабыл алат, убакыт көрсөтөт.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуунун канчалык зарылчылыгы бар? Мурдагы президенттерден «экс» макамы менен берилген артыкчылыктар алынышы керекпи же жокпу?
Бул маселенин тегерегинде көп сөз кылууга болору талашсыз. Бирок кандай болгон күндө да, кыргызда айтылгандай, «жуурканга карап бутубузду сунганыбыз» оң. Жеңишбек Токторбаевдин экс-президенттерди мамлекеттик резиденциядагы үйлөрдөн чыгаруу сунушу эң туура. Анткени, экс-президенттердин саны көбөйүп, ал жакка батпай калышы толук мүмкүн. Андай болуп калса, бирдей макамдары бар экенине карабай айрымдары ал жакта жашап, калгандары сыртта калабы?
Ошол эле мезгилде Жеңишбек Токторбаевдин жансакчы, медициналык тейлөө, байланыш ж.б. кеткен чыгымдарын экс-президент өзүнүн эсебинен төлөсүн дегени туура эмес. Маселеге экс-президенттердин баары байып, киреше булактарын түзүп алышат экен, акчалары болот экен деп караганга болбойт. Таза иштеп, пенсиясынан башка кирешеси жок экс-президент кантип жансакчы, айдоочуну кармай алат? Алган пенсиясын ошолорго берип, өзү эч нерсеси жок отуруп калабы?
Көрүнүп тургандай, экс-президенттерден бардык артыкчылыктарды алып салууга болбойт. Кол тийбестик макамы алынса да, жансакчы, айдоочу, медициналык тейлөө сыяктуу артыкчылыктар менен камсыз кылуу мамлекеттин эсебинен болушу зарыл. Экс-президенттердин резиденцияда жашоолору шарт эмес, өз үйлөрүндө жашашып эле артыкчылыктарды пайдалана беришсе болот. Дүйнөнүн бардык эле өнүккөн өлкөлөрүнүн мурдагы башчылары өз үйлөрүндө эле күн кечиришет.