Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын талабына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгына ылайык өткөрүлгөн Биринчи Элдик Курултайдын резолюциясы элден түшкөн ой-сунуштар менен толукталды.
Анда Жогорку Кеңешке, Министрлер Кабинетине жана Башкы прокуратурага бир катар сунуштама берилген.
Резолюциядагы парламентке сунуштама төмөнкүдөй:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине сунуштама:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Н.Т. Шакиевдин Биринчи Элдик Курултайда сүйлөгөн сөзү жактырылып, мамлекеттик тилдин кадыр-баркын көтөрүү, Бишкек шаарындагы төрт райондун аталышын кыргызчалатуу, жер-суу аталыштарына аяр мамиле жасоо демилгесин колдоого алуу;
- Мамлекеттик тил мыйзамынын ар тараптуу кынтыксыз аткарылышын көзөмөлгө алуу;
- 2023-жылдын биринчи кварталына чейин Баш мыйзамдын талабына ылайык “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын кабыл алып берүү жана ал мыйзамда БШКнын курамына Элдик Курултайдын өкүлдөрүн аныктоо;
- Мыйзам долбоорлорун кабыл алууда жеке адамдын кызыкчылыгына караганда элдин кызыкчылыгы жогору экендигин тастыктаган адептик ченемдерди, каада-салттарды, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, өлкөдө жашаган башка этностордун маданий баалуулуктарын чагылдырган иш тажрыйбаны бекем сактоо;
- Мамлекеттик-коомдук өнүгүү илимий талапка таянып жүргүзүлгөндө гана ырааттуу боло тургандыгын эске алып, илим-билим, технология-инновация, санарип тармагын өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорлоруна артыкчылык берилип, тийиштүү каражаттардын бөлүнүшүнө шарт түзүү;
- Жарандардын жана юридикалык жактардын жеке менчикке болгон укуктарын коргоо максатында КРнын жарандык кодексинин 221-беренесинде көрсөтүлгөн доонун эскириши жайылбаган тараптардын катарынан 2009- жылы 24-июлунда кабыл алынган мыйзамдын негизинде чыгарылган 4-жана 5-пункттарын калыбына келтирип, сотко доо берүүнүн эскирген мөөнөтүнө коюлган чектөөнү алып салуу сунушталсын.