Бүгүн, 5-декабрда Бишкек шаардык соту Канат Исаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча адвокатынын доо арызын карады. Сот экс-депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырганын кызы Бермет Исаеванын айтканын таянып, маалымат каражаттары жазышууда. 

Анда айтылгандай, Бишкек шаардык соту Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Ага ылайык, Канат Исаев ушул жылдын 23-декабрына чейин УКМКнын абагында болот. 

Эске салсак, Канат Исаев 2019-жылы бийликти күч менен басып алуу боюнча кылмыш ишинине жоопкер болгон.