Актер Азиз Мурадиллаев үчүн топтолгон акчанын артканын лейкоз менен жабыркаган кызга жилик чучугун алмаштырууга беришет. Бул тууралуу маалымат жыйынында жарандык активист Ассоль Молдокматова билдирди. 

Айтымында, Мурадиллаев үчүн ачылган эсепке кыска убакытта керектүү сумма чогулган, бирок жапкандан кийин дагы которгондор болгондуктан, ашып калган акчаны жардамга муктаж 10 жаштагы кызга берүүнү чечишкен. 

"Ооруканага актердин жубайына президент Садыр Жапаров тарабынан берилген 42 миң долларды алып келишкенден кийин акча топтоону токтотконбуз. Ошол убакта эсепте бир миллион сомдой сумма бар болчу. Бүгүн эсептедик, түндө өтө көп бөлүшүүлөр болгондуктан, 1,5 миллион 65 миң сом топтолуптур. Мен Кыргызстан элине чын дилимден ыраазычылык билдирем. Чоң рахмат. 1,5 миллион сомду Мурадиллаевдин апасына беребиз.

Ал эми калган 65 миң сомду 10 жаштагы Жамилиянын апасына берүүнү сунуштадым. Ал кыз лейкоз менен жабыркайт жана жилик чучугун алмаштырууга муктаж. Биз актердун апасы жана жубайы менен кеңештик, алар макулдугун беришти", - деди Молдокматова. 

Азиз Мурадиллаев учурда оор абалда, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ага тез арада боорун алмаштыруу зарыл.