КР Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин ден соолугунда көйгөй жаралып, тез арада операция жасатуу керектиги белгилүү болгон. Актердун жакындары операцияга 45 миң доллар зарылдыгын айтып, коомчулуктан жардам сурашкан. Президент Садыр Жапаров актердин эсебине 42 миң доллар которгон.
Буга байланыштуу Мурадиллаевдин апасы маалымат жыйынын өткөрүп, президентке жана элге ыраазычылыгын билдирди.
"Азиз бала чагынан эле кинематография жана театр искусствосуна жакын өстү. 2016-жылы да катуу ооруган, диагноз коюлгандан кийин Кыргызстандын эли абдан чоң жардам көрсөттү. Анын акыбети менен биз ооруну жеңгенбиз. Бирок дарт кайра кайрылып келди. Бул жылдар аралыгында биз элибиздин кайрымдуу, боорукер экенине көп жолу күбө болдук. Бул жолу керектелүүчү каражатты кыска убакыттын ичинде чогулта алдык. Биринчи кезекте президентке ыраазычылыгымды билдиргим келет, ал элдин маселесине биринчилерден болуп көңүл бурат. Ошондой эле, элиме ыраазычылыгымды билдирем, ушундай кайрымдуу элим бардыгына бактылуумун", - деди актердун апасы.